Бишкекте ТүркПАнын жыйыны башталды

Бишкекте ТүркПАнын жыйыны башталды
8-Дек. 2017, Жума, 10:28

Бүгүн, 8-декабрда түрк тилдүү өлкөлөрдүн ассамблеясынын делегациялары Бишкекте өтө турган жетинчи пленардык жыйынга чогулду.

Байкоочу катары Венгрия мамлекети, ал эми Өзбекстан жана Түркмөнстан республикаларынын делегациялары биринчи жолу бул жыйынга ардактуу конок катары катышып жатат.

Расмий коноктор адегенде "Ата-Бейит" жана "Үркүн" мемориалдык комплекстерине барып сталиндик репрессияда жана 1916-жылдагы үркүндо каза болгондорго арналып тургузулган эстеликтерге гүл чамбар коюп, зыярат кылышты.

Андан соң жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигине барышты.

Түркия, Азербайжан жана Казакстандан келген делегациялар кезектеги жыйында 13 маселени карашат.

Күн тартибинде ТүркПАнын башкы катчы кызматына талапкерлерди жактыруу, келерки жылдарга карата бюджетин кабыл алуу, жетинчи жыйындын башкы декларациясын кабыл алуу жана сегизинчи пленардык жыйынды өткөрүү мөөнөтүн жана кабыл алуу маселелери каралат

ТүркПА 2008-жылы түзүлгөн. Ага Кыргызстан, Азербайжан, Түркия жана Казакстан мүчө болгон. Ассамблеяга кирген мамлекеттер алфавиттик тартип боюнча бир жылдык мөөнөт менен кезектешип төрагалык кылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!