Жумабеков ТүркПА өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди

Жумабеков ТүркПА өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди
8-Дек. 2017, Жума, 11:30

Ушул тапта Бишкекте “Ала Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттеринин ассамблеясынын жетинчи жыйынында сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков расмий делегацияларга ыраазычылыгын билдирди.

Төрага Жумабекова ТүркПАнын парламенттеринин ассамблеясынын жыйынына келген бир тууган өкүлдөрдү кабыл алуу чоң сыймык экенин белгиледи.

Ассамблеяга Казакстан төрагалык кылган убакта жакшы иштер аткарылганын белгилеген төрага Казакстанга, ассамблеянын өнүгүшүнө салым кошкону үчүн Азербайжанга жана түрк тилдүү элди жакындатуу максатында достук мамилени чыңдоону колдоого алганы үчүн Түркияга ыраазычылык билдирди.

ТүрПАнын кезектеги жыйынына төрагалык кылып жаткан Кыргызстан парламенттик диалогду түзүү, кызматташтыкты жаңы деңгээлде жүргүзүүгө убада берди.

Ошондой эле төрага мындан ары боло турган жыйындарда бир теманын айланасында гана баарлашуу, ассамблеянын сыйлык берүү жобосун иштеп чыгуу сунушун берди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!