ТүркПАга Кыргызстан төрагалык кылат

ТүркПАга Кыргызстан төрагалык кылат
9-Дек. 2017, Ишемби, 09:54

Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттеринин ассамблеясына төрагылык кылуу Кыргызстанга өттү.

Буга чейин төрагалык кылып келген Казакстан макамды Кыргызстанга ыйгарды.

Бишкекте өтүп жаткан жыйында Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков ТүркПА түрк тилдүү өлкөлөрдүн жакындашуусун камсыздоочу маанилүү платформа экенин билдирди. Парламент төрагасы Кыргызстан уюмдун бюджетин кабыл алуудагы жана иштин натыйжалуулугун арттыруу үчүн атайын демилгелер менен чыга турганын кошумчалады.

Күн мурун түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттеринин ассамблеясынын жетинчи жыйыны Бишкекте өттү. Уюмга мүчө болгон Түркия, Азербайжандын, Казакстандын жана Кыргызстандын парламент өкүлдөрү жыйынга чогулуп, ТүркПА түрк тилдүү өлкөлөрдун бири-бири менен жакындашуусун шарттаган маанилүү платформа экенин белгилешти.

Уюмдун тарыхында биринчи жолу Өзбекстан жана Түркмөнстандан келген делегациялар расмий конок катары келишсе, Венгрия байкоочу катары келди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!