ТүркПАга жаңы баш катчы шайланды

ТүркПАга жаңы баш катчы шайланды
9-Дек. 2017, Ишемби, 10:02

Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттер ассамблеясынын баш катчылыгына Алтынбек Мамаюсупов шайланды.

Кыргызстан сунуш кылган талапкерди ТүркПАнын Бишкекте өткөн жыйынында парламент төрагалары кабыл алышты.

Эскерте кетсек, Мамаюсупов буга дейре ТүркПАда Кыргызстандын өкүлү болуп иштеген.

Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттеринин ассамблеясы Кыргызстандын, Казакстандын, Азербайжандын жана Түркиянын парламенттеринин ортосунда түзүлгөн кызматташтык уюм. Ал 2008-жылы Стамбулда негизделген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!