Жээнбеков: «ТүркПА диалог жүргүзүүчү маанилүү аянтча болду»

Жээнбеков: «ТүркПА диалог жүргүзүүчү маанилүү аянтча болду»
9-Дек. 2017, Ишемби, 10:12

Президент Сооронбай Жээнбеков түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясынын делегация башчылары менен жолугушту.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан өз ара пайдалуу кызматташуунун негизинде түрк тилдүү мамлекеттер менен достук мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө абдан маани берээрин белгиледи.

“ТүркПА салыштырмалуу кыска мезгилдин аралыгында мамлекеттерибиздин парламенттери үчүн диалог жүргүзүүнүн маанилүү аянтчасы болуп калды. Уюмдун мүмкүнчүлүгү чоң жана ага карата эл аралык кызыгуу өсүп жатат”, -деди Сооронбай Жээнбеков.

Ошону менен бирге отурумга ардактуу мейман катары Өзбекстан делегациясынын жана ТүркПАда байкоочу- өлкө болуп саналган Венгрия делегациясынын катышып жаткандыгына канааттануусун билдирди.

ТүркПАнын делегация башчылары Сооронбай Жээнбековду президент кызматына шайланышы менен куттуктап, мамлекет башчысына жана жалпы Кыргызстанга ийгиликтерди каалашты. Өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелер жана ТүркПАнын алкагындагы кызматташуу ыкчам өнүгөөрүнө ишенимин билдиришти.

2018-жылы – ТүркПАнын түзүлгөндүгүнүн 10 жылдык мааракесинин жылы Кыргызстандын төрагалыгы алдында өтмөкчү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Иммунитетти көтөрүүчү йогуртту кантип тандайбыз?
Иммунитетти көтөрүүчү йогуртту кантип тандайбыз?
Турусбек Жумалиевдин жубайы Зоя Токторбаева көз  жумду
Турусбек Жумалиевдин жубайы Зоя Токторбаева көз жумду
Кыйкырган кызга кайдыгер мамиле жасаган кызматкерлер кандай жаза алды?
Кыйкырган кызга кайдыгер мамиле жасаган кызматкерлер кандай жаза алды?
ДЧ – 2022: 48 команда, 80 беттешүү, 28 күн
ДЧ – 2022: 48 команда, 80 беттешүү, 28 күн
Алма менен помидордун кабыгы суу тазалоочу курал экен
Алма менен помидордун кабыгы суу тазалоочу курал экен
Президент:
Президент: "Негизги максатым - коррупцияны жоюу"
Эмне себептен сууну эки ирет кайнатууга болбойт?
Эмне себептен сууну эки ирет кайнатууга болбойт?
Өзүңүзгө башка көз менен карап көрүңүз!
Өзүңүзгө башка көз менен карап көрүңүз!
Калаада “Биз кара түтүнгө каршыбыз” кербени өтөт
Калаада “Биз кара түтүнгө каршыбыз” кербени өтөт
​14-декабрь: доллардын курсу жогорулады
​14-декабрь: доллардын курсу жогорулады
Өкмөт башчы жаңы министр Жеенбаеваны жамаатына тааныштырды
Өкмөт башчы жаңы министр Жеенбаеваны жамаатына тааныштырды
Жоошбек Коеналиев ээлеген кызматынан бошотулду
Жоошбек Коеналиев ээлеген кызматынан бошотулду
ИИМ:
ИИМ: "кытай жарандары кыргыз баланы кордоду" деген видео иликтенүүдө
Жеенбаева Финансы министри болуп дайындалды
Жеенбаева Финансы министри болуп дайындалды
Жапаров:
Жапаров:"Реформа деп ойгонсоңор боло? Такыр ойгонбой койдуңар го"
Балдарыңыз мотивация береби же түйшүк жаратуудабы?
Балдарыңыз мотивация береби же түйшүк жаратуудабы?