Кыргызстан-Зимбабве: алаканын жаңы барагы ачылды

Кыргызстан-Зимбабве: алаканын жаңы барагы ачылды
9-Дек. 2017, Ишемби, 10:17

Кыргызстан менен Зимбабвенин ортосунда дипломатиялык алака түзүлдү.

Тиешелүү коммюникеге эки өлкөнүн БУУдагы туруктуу өкүлдөрү Миргүл Молдоисаева жана Мусивава Макамуре Шава кол койгонун Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Кол койгон келишимге ылайык, эки өлкө бири-биринин эгемендигин таанып, эл аралык укуктун негизинде кызматташтык жүргүзүшө алышат.

Зимбабве - Африканын түштүгүндөгү өлкө.

24-ноябрда Кыргызстан менен Зимбабвенин тарыхында окшош окуя болду. Ушул күнү эки өлкөнүн тең жаны мамлекет башчылары кызматына расмий киришип, президенттик инаугурациясын өткөрдү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!