Жээнбеков Өзбекстанга барат

Жээнбеков Өзбекстанга барат
11-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 11:20

Президент Сооронбай Жээнбеков 13-14-декабрь күндөрү Өзбекстанга расмий иш сапары менен барат.

Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда өлкө башчысы Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алган учурда маалым болду.

Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, жолугушууда ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаев ЕККУга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин жыйыны жана Сербияга жасаган расмий сапарынын жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.

Өзбекстан сапары президент Жээнбековдун президент кызматына расмий киришкенден берки экинчи визити. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ушул эле жылы 5-октябрда Өзбекстанга барган. Андан бир ай мурун, тагыраагы 5-сентябрда өзбек лидери Шатка Мирзиеёв Кыргызстанга келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!