Исаков: 2019-жылы чиновниктер катуу көзөмөлдө болот

Исаков: 2019-жылы чиновниктер катуу көзөмөлдө болот
11-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 11:47

Ушул тапта Бишкекте “Таза коом” программасынын аткарылышына арналган эл аралык жыйында өкмөт башчы Сапар Исаков 2019-жылдан баштап ар бир мамлекеттик аткаминер катуу көзөмөлдө болорун билдирди.

Өкмөт башчы электрондук өкмөткө өтүү жолу анчалык байкалбаганын, коомчулук ал жумушту көрбөй турганын билдирип,

«Ар бир аткаминер жумушка келгенде эмне менен алек болуп жатканын карап турабыз. Ошонун негизинде жыйынтык чыгарылып, жумушунун натыйжалуугу каралат. Мамлекеттик кызматка толук берилип иштей ала турган адамдар келиши керек», - деди Сапар Исаков.

Өкмөт башчысы ошол эле учурда мамлекеттик кызматкерлердин маянасы дагы көтөрүлөрүн кошумчалады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!