Ак үй: жетекчилер которулду, көтөрүлдү, түштү

Ак үй: жетекчилер которулду, көтөрүлдү, түштү
12-Дек. 2017, Шейшемби, 11:54

Президент Сооронбай Жээнбеков күн мурун бир катар жетекчилерди кызматтан алуу жана кызматка дайындоо тууралуу жарлыктарга кол койду.

Ага ылайык, Асылбек Кожобеков Президенттин кеңешчиси болуп дайындалса, өлкө башчысынын дагы бир жарлыгы менен Фарид Ниязов президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалды. Ал эми президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп Салиев Алмамбет дайындалды.

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Алмаз Үсөнов жана президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Эльвира Сариева жазган арыздарынын негизинде кызматтан бошотулду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!