Жээнбеков Мирзиевге "Данакер" орденин такты

Жээнбеков Мирзиевге
14-Дек. 2017, Бейшемби, 05:58

Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстанга жасаган расмий сапарынын алкагында өзбек президенти Шавкат Мирзиёевге “Данакер” орденин тапшырды.

Президент Сооронбай Жээнбеков кесиптешине жогорку сыйлыкты тапшыруу ал үчүн чоң сыймык экендигин билдирди.

“Сиз чындыгында эле кыргыз-өзбек мамилелериндеги достуктун жана жакшылыктын жаратуучусу болуп калдыңыз. Сиз Алмазбек Шаршенович менен бирге биздин өлкөлөр ортосундагы жакшы кошуналыкты тереңдетүү үчүн бекем пайдубал түздүңүздөр. Бекем саясий эркиңиз үчүн жана биздин ортобуздагы эки тараптуу мамилелерге жан дилиңиз менен кам көргөнүңүз үчүн Сизге чоң рахмат”, -деди президент Жээнбеков.

Эскерте кетсек, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык, эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү орнотууга, салт болуп калган достукту жана ынак коңшулаштыкты бекемдөөгө кошкон жеке зор салымы үчүн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв «Данакер» ордени менен сыйланган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!