Өзбекстан сапарында кайсы документтерге кол коюлду?

Өзбекстан сапарында кайсы документтерге кол коюлду?
14-Дек. 2017, Бейшемби, 06:04

Президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстан Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында биргелешкен документтерге кол коюлду.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, эки өлкөнүн мамлекет башчылары биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

Расмий сапардын жүрүшүндө кол коюлган документтер:

2018-2021-жылдары Өзбекстан Республикасынын өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу тууралуу программа;

Бажы ведомстволорунун ортосунда товарларды жана транспорттук каражаттарды ооштурууда бажы операцияларын жүргүзүүнүн жөнөкөйлүштүрүлгөн тартибин киргизүү тууралуу (жөнөкөйлөштүрүлгөн бажы коридору);

Өзбекстан Республикасынын илимдер академиясы менен Кыргыз Республикасынын илимдер академиясынын ортосунда илимий-техникалык кызматташуу тууралуу келишим;

Өзбекстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ортосунда 2018-жылга өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу тармагында кызматташуусу боюнча иш чаралар планы;

Өзбекстан Республикасынын профсоюздар федерациясы менен Кыргыз Республикасынын профсоюздар федерациясынын ортосунда кызматташуу тууралуу макулдашуу;

Өзбекстан Республикасынын жаштар союзунун борбордук кеңеши менен Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбиясы жана спорт мамлекеттик агенттигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум.

Ушул тапта президент Сооронбай Жээнбековдун кошуна өлкөгө жасаган сапары уланууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!