ЖКнын төрага орун басары шайланды

ЖКнын төрага орун басары шайланды
14-Дек. 2017, Бейшемби, 06:25

Жогорку Кеңештин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров вице-спикер болуп шайланды.

Парламенттин күн мурун болгон жыйынында Бакировдун талапкерлигин 61 депутат колдоп беришти.

6-декабрда мурдагы вице-спикер Алтынай Өмүрбекова өз каалоосу менен кызматын тапшырып бергенден кийин бул орун бош турган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!