Президенттин сапары жыйынтыкталды

Президенттин сапары жыйынтыкталды
15-Дек. 2017, Жума, 10:14

Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасына расмий сапары жыйынтыкталды.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, сапардын алкагында өлкө башчысы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен тар жана кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жолугушуулардын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлду.

Ага удаа президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын премьер-министри Абдулло Арипов жана Өзбекстандын Олий Мажлисинин мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов менен жолугушту.

Ошондой эле мамлекет башчысы өнөр жай товарларынын көргөзмөсүнө барды.

Сапар эки өлкөнүн президенттери Ташкент шаарындагы өнөр жай көргөзмөсүнө барышы менен соңуна чыкты

Өзбекстан сапары Сооронбай Жээнбековдун мамлекет башчысы катары алгачкы расмий иш сапары болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!