ТОП-10: жылдын урунттуу саясий окуялары

ТОП-10: жылдын урунттуу саясий окуялары
19-Дек. 2017, Шейшемби, 06:54

Узап бара жаткан 2017-жыл – Кыргызстан үчун бир топ манаилүү окуялар менен коштолду. Өлкө эли жаңы президенттүү болуп, бийликти өткөрүү берүү салты уланды. Тышкы саясатта кошуна өлкөлөр менен мамиле жакшы нукка бурулса, кээ бири менен убактылуу сыноо болду.

“ZAMAN.KG” маалымат агенттиги жыл ичиндеги негизги делген он окуяга токтолду.

Темир торго түшкөн саясатчылар

26-февралда «Түбөлүк оппозиция» аталган Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев иш сапардан келе жатканда аэропорттон УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал россиялык ишкер Леонид Маевскийден "Альфа Телеком" ЖАКтын (MegaCom) башкармалыгына кириш үчүн 1 миллион доллар пара алган деп шектелген.


Текебаевге жана анын партиялашы Дүйшөн Чотоновго сот сегиз жыл берген. БШК депутаттык мандатын алып салды. Ага удаа чет өлкөдө жүргөн мурдагы депутат Садыр Жапаров да камакка алынып, учурда жазасын өтөп жатат. Сот ага 11 жыл 6 ай берген.

«Кыргызстан» фракциясынын мурдагы лидери Канат Исаев 30-сентябрда кармалып, УКМКнын убактылу жайына киргизилген. Ага президенттик шайлоонун алдында жеңилген талапкер менен өлкөдө баш аламандыкты уюштурууну пландаган деп шектелген.

4-ноябрда Башкы прокуратура Өмүрбек Бабановго карата кылмыш ишин козгогон. Бабанов президенттикке талапкер маалында Ош шаарындагы Он-Адыр аймагында улут аралык кастыкты козутууга чакырык таштаган деп айыпталууда.

«Таза коом»

Бийлик апрель айынын башында өлкөнү жогорку технология аркылуу өнүктүрүүнү көздөгөн "Таза коом" улуттук долбоорун жарыялаган. Долбоор 2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегиянын бир бөлүгү экени айтылган. «Таза коомдун» алкагында мамлекеттик каттоо кызматында он-лайн кызмат көрсөтүү ишке аша баштады.

Биометрикалык паспорт


1-майдан тарта жарандарга биометрикалык паспорт берүү өнөктүгү башталды. Мамлекеттик каттоо кызматы 31-декабрга чейин биометиркалык паспорт алуу акысыз экенин жарыялаган.

Биометрикалык паспорттун берилиши менен жарандар мамлекеттик кызматтарды электрондук түрдө пайдалануусуна шарт түзүлөрүн МКК билдирген. Биометрикалык паспорт мамлекеттик тейлөөнү ыкчам, бюрократиясыз, коррупциясыз көрсөтүүгө жол ачарын убадалаган.

«Эң жаш өкмөт»

25-августта мурдагы өкмөт башчы Соронбай Жээнбеков президенттик жарышка чыга турганын жарыялап, ошол кездеги президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков баштаган жаңы өкмөт курамы түзүлдү. Эгемен Кыргызстандын саясий айдыңында Исаков баштаган аткаруу бийлигинин командасы эң жаш жана реформачыл өкмөт деп аталып калды. Вице-министрлердин дээрлик баары алмашып, үч министрликте кадрдык өзгөрүү болду.

Тоңгон муз ээригенде…

Чейрек кылымдан бери сууп турган кыргыз-өзбек алакасы жанданып, жакшы нукка бурулду. Кыргызстанга биринчи жолу өзбек президенти Шавкат Мирзиеёв 5-6-сентябрь күндөрү келип, толук бир айдан кийин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да Өзбекстанга барды. Эки өлкөнүн ортосундагы чек ара тилкесинин 85 пайызы такталып, кол коюлду. Мындан сырткары бир нече чек ара бекеттери ачылды. Жакында эле президент Сооронбай Жээнбеков да кошуна өлкөгө расмий иш сапары менен барып келди.

Кыргыз-казак чек арасындагы сыноо

10-октябрдан тарта дээрлик эки айга жакын убакыт бою кыргыз-казак чек арасынан унаалардын, өзгөчө жүк ташуучу унаалардын өтүүсү кыйындаган. Унаалардын узун кезеги бир нече чакырымга созулуп, ишкерлер, айдоочулар оңбогондой чыгымга кириптер болду.

Кошуна өлкөдөгү чек арадагы «түр көрсөтүүнү» адегенде Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоого байланыштуу экенин, кийин аткезчилик менен ташылып жаткан товарларга байланыштуу экенин жүйө келтирген.

19-октябрда өкмөт башчы Сапар Исаков расмий Астанага барып, казак өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев менен эки өлкөнүн чек арасы боюнча «жол картасын» түзүүнү макулдашкан. Бирок муну менен кырдаал биротоло чечилген жок. 30-ноябрда ЖККУнун Минскте өткөн саммитинде президент Сооронбай Жээнбеков казак кесиптеши Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, кырдаал оң жагына чечиле баштады.

Төрага алмашты

25-октябрда Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков өз каалоосу менен спикерлик орунду тапшырып берди. Анын ордуна «Кыргызстан» саясий партиясынан депутат Дастан Жумабеков төрага болуп шайланды.


Президенттик шайлоо

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтүп, КСДП партиясы тарабынан сунушталган талапкер Сооронбай Жээнбеков шайлоочуардын көпчүлүк добушу менен жеңишке жетти. Шайлоодо жалпы 11 талапкер ат салышкан.

Инаугурация

24-ноябрда өлкөнүн жаңы президенти Сооронбай Жээнбековдун «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында инаугурациясы өттү. Ант берүү аземи мурдагылардан айырмаланып, чет өлкөдөн коноктор чакырылбай, 450 адамдын катышуусундаболду. Бул саамалык Кыргызстанда бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүү салтынын үчүнчүсү болуп калды.

Өкмөт менен парламенттин укугун кеңейткен беренелер

2016-жылы 11-декабрдагы бүткүл элдик добуш берүүдө (референдум) кабыл алынган Конституциянын бир нече беренелери бүгүн, 1-декабрдан баштап күчүнө кирди.Күчүнө кирген беш берене өкмоттүн жана парламенттин укугун кеңейтүүнү шарттаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!