Төрага баштаган делегация Өзбекстанга барды

Төрага баштаган делегация Өзбекстанга барды
20-Дек. 2017, Шаршемби, 10:29

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков баштаган делегация бүгүн, 20-декабрда Өзбекстанга иш сапары менен барышты.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу билдиргендей, расмий иш сапар кошуна өлкөнүн Олий Мажлис Сенатынын төрагасы Нигматилла Юлдашевдин атайын чакыруусу боюнча болду.

Иш сапар алкагында төрага Дастан Жумабеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Олий Мажлис Сенатынын төрагасы Нигматилла Юлдашев жана мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмаилов менен эки тараптуу жолугушат.

Ошондой эле расмий делегация “Чыңгыз Айтматов жана Өзбекстан” деп аталган туруктуу экспозицияга барып, Өзбекстандын тунгуч президенти Ислам Каримовдун мүрзөсүнө гүлчамбар коюшат.

Белгилей кетсек, өткөн аптада президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстанга алгачкы расмий сапары.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!