2017-жылы экиден көп ээрге отурган чиновниктер

2017-жылы экиден көп ээрге отурган чиновниктер
22-Дек. 2017, Жума, 06:47

Узап бара жаткан жыл кыргыз саясатында олуттуу өзгөрүүлөр менен коштолду. Жаңы президент, жаңы төрага, жаңы өкмөт курамы… Айрым атка минерлер бул жылы эки, андан да көп креслого олтурууга жетишти.

Кубанычбек Кулматов

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондун жетектеп турган Кубанычбек Кулматов ушул жылдын сентябрь айында Улуттук банктын жетекчилигине барган. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинде үч айга жетпеген убакыт иштеп, кайра 11-декабрь күнү Бажы кызматына төрага болду. Кулматов ушуну менен экинчи жолу Бажы кызматына жетекчи болду. Ал буга чейин да, тагыраагы 2010-2013-жылдары да Бажы кызматын жетектеген.

Дүйшөнбек Зилалиев

Бул жылы ысымы эң көп аталган атка минер Дүйшөнбек Зилалиев болду. 25-августта Сапар Исаков баштаган жаңы өкмөттүн курамында вице-премьер-министр болуу шыбагасы тийди. Өкмөттө коопсуздук тармагы боюнча блокту тейлеп, ноябрь айында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна жетекчи болду. Ал өкмөт курамына келгенге чейин төрт жыл бою тоо-кен, энергетика тармагында башчы болуп иштеген.

Күн мурун Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчилигинен да кеткени маалым болду. Буга анын 24-ноябрь күнү президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясында жолдо баратып ИИМдин курсантына бомба тууралуу айткан билдирүүсү боюнча УКМК кылмыш ишин козгогону себеп болгон.

Толкунбек Абдыгулов

2014-жылдын 2017-жылга чейин Улуттук банкты башкарып келген Толкунбек Абдыгулов ушул жылдын август айында жаңы өкмөт курамында биринчи вице-премьер министр кызматын аркалады. Аткаруу бийлигинин биринчи орун басары катары үч ай иштеп, ноябрь айынан тарта макамы бир аз төмөндөп, вице премьер-министр болду.

Жаңы жылга бир апта калганда вице-премьерлик кызматын тапшырып, мурдагы ордуна, тагыраагы Улуттук банк жетекчилигине кайра барды.

Ошентип Абдыгулов жыл ичинде, өзгөчө үч айда үч кызматты аркалоого жетишти.

Фарид Ниязов

Ак үйдө көп жылдардан бери жетекчилик кызматтарда жүргөн Фарид Ниязов бул жылы адегенде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп турган. 23-ноябрда бул кызматтан кеткен. 1-декабрь күнү президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен анын кеңешчиси болуп дайындалды. Он күндөн кийин мамлекет башчынын башка жарлыгы менен мурдагы ээлеген кызматынан бошотулуп, президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалды.

Ниязов президенттик шайлоо учурунда азыркы президент, ошол кездеги талапкер Сооронбай Жээнбековдун республикалык штабын жетектеген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!