Президенттин Казакстан жана Россияга сапары башталды

Президенттин Казакстан жана Россияга сапары башталды
25-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 10:25

25-26-декабрь күндөрү президент Сооронбай Жээнбеков Казакстан жана Россияга расмий жана жумушчу сапары менен барат.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева маалымдагандай, сапардын жүрүшүндө президент Сооронбай Жээнбеков менен Казакстан Республикасынын президенти Нурсултан Назарбаевдин тар курамда жолугушуусу болжолдонууда. Ошондой эле кеңири форматта сүйлөшүүлөр өткөрүлүп, анын жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлери ЕАЭБдин алкагында эки тараптуу өз ара аракеттенишүүнүн жана кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Ал 2017-жылдын 30-ноябрында Минскиде өткөн ЖККУнун мааракелик саммитинде эки мамлекеттин башчыларынын жолугушуусу болуп, анын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөрү соода-экономикалык кызматташуу, салык жана бажы жаатында өз ара аракеттенишүү, ошондой эле фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл жаатында кызматташуу боюнча Жол картасына кол коюшкандыгын эске салды.

Субакожоева кошумчалагандай, сапардын алкагында бир катар маанилүү документтерге кол коюлат, Мамлекет башчылары биргелешкен билдирүү кабыл алат.

Астанага жасаган сапарынан кийин, 26-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков Россия президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен КМШ мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн Москвага иш сапар менен барат.

“Бейформал жолугушуунун алкагында эл аралык жана аймактагы күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу күтүлүүдө”, -деди Айзада Субакожоева.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!