Вице-премьерликке Муканбетовдун талапкерлиги сунушталууда

Вице-премьерликке Муканбетовдун талапкерлиги сунушталууда
8-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 10:50

Өкмөттөгү вице-премьер-министрлик кызматка Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчиси Санжар Муканбетовдун талапкерлиги сунушталууда.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, сунуш Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинде талкууланат. Маселе парламенттин 10-январдагы жалпы жыйынында каралат.

Белгилей кетсек, өкмөттөгү вице-премьер министрлик кызмат өткөн жылдан бери бош турат. Мурдагы вице-премьер министр Толкунбек Абдыгулов Улуттук банктын жетекчилигине кайра барган.

Муканбетов Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчиси болуп иштейт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!