Жаңы вице-премьер-министр дайындалды

Жаңы вице-премьер-министр дайындалды
11-Янв. 2018, Бейшемби, 13:49

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков вице-премьер-министрлик кызматка Санжар Муканбетовду дайындоо боюнча буйрукка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин парламентте вице-премьер министрлик кызматка Санжар Муканбетовдун талапкерлиги жактырылган.

Маалымат үчүн, Санжар Муканбетов 1972-жылы 12-декабрда туулган.

1994-жылы Кыргыз техникалык окуу жайын аяктаган, 2003-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин экономист адистигин алган.

1998-2001-жылдары Чет элдик инвестициялар жана экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинде эмгектенген.

2007-2009-жылдар аралыгында Экономиканы өнүктүрүү жана соода министринин орун басары, 2010-2014-жылдар аралыгында Экономика министринин орун басары болуп эмгектенген.

2014-жылдан бери Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчиси кызматын аркалаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!