​Президент Сирил Мюллерди кабыл алды

​Президент Сирил Мюллерди кабыл алды
16-Янв. 2018, Шейшемби, 18:07

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-январда Европааймагы жана Борбордук Азия боюнча Дүйнөлүк банктын вице-президенти Сирил Мюллерди кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Сирил Мюллер Кыргызстан жана Дүйнөлүк банктын жакынкы жылдарга карата кызматташуу келечегин талкуулашып, шериктештиктин артыкчылыктуу багыттары боюнча пикир алмашышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Дүйнөлүк банк Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча негизги өнөктөш экендигин белгилеп, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көрсөткөн колдоосуна ыраазычылык билдирди.

Ал биргелешкен кызматташуунун алкагында транспорт, айыл чарбасы, энергетика, саламаттыкты сактоо, билим берүү, мамлекеттик башкаруу, калкты социалдык жактан коргоо сыяктуу тармактарды бекемдөө үчүн долбоорлор ишке ашырылганын белгиледи.

Европа аймагы жана Борбордук Азия боюнча Дүйнөлүк банктын вице-президенти Сирил Мюллер Кыргызстанда эгемендик жылдары кедейчиликтин деңгээли эки эсе азайганын жана бул калктын турмушун жакшыртууга багытталган Дүйнөлүк банктын максаттарына жооп бергенин канааттануу менен белгиледи.

“Дүйнөлүк банк тарабынан жүргүзүлгөн Кыргызстандын экономикасын комплекстүү иликтөөсү кедейчиликти кыскартуу аракеттери ийгиликтүү болгонун билдирет жана мындан аркы чаралар жашоосун жакшыртууга жетишүү үчүн жеке секторду өнүктүрүү жана көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын арттырууга багытталышы керек. Кыргызстандыктарга билим берүү, медицина, энергетика жеткиликтүү болду, эми көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жакшыртуу керек”, - деп сунуштады Сирил Мюллер.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков жана Европа аймагы жана Борбордук Азия боюнча Дүйнөлүк банктын вице-президенти Сирил Мюллер ошондой эле Президенттин “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгынын алкагында мындан аркы жумуштун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Сирил Мюллер Дүйнөлүк банк жарлыктын алкагында аныкталган аймактарды өнүктүрүү боюнча комплекстүү жана системдүү аракеттерди колдоп жатканын белгиледи. “Аймактардагы инфраструктураны өнүктүрүү боюнча өз программалар жана долбоорлорубузду комплекстүү түрдө, алардын көбүрөөк натыйжалуулугун камсыздоо максатында ишке ашырууну пландап жатабыз”, - деп айтты Сирил Мюллер.

Президент Сооронбай Жээнбеков ар бир аймактын өзгөчөлүгүн, аймактарды өнүктүрүүдөгү дисбалансты азайтуу үчүн кластердик ыкма жана калктын миграциясын кыскартууну эске алуу менен өлкөнүн саясаты чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүүгө багыттала турганын белгиледи. “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлык биздин пландарды ишке ашырууда жакшы башталыш жана жардам болуп берет. Ар бир аймактын өзгөчөлүгүн эске алуу менен бир нече жылга эсептелген бирдиктүү комплекстүү программа иштелип чыгат”, - деп белгиледи ал.

Жолугушуунун соңунда Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан үчүн Дүйнөлүк банктын жана өнүгүү боюнча башка өнөктөштөрдүн колдоосу стратегиялык максаттарды жана экономиканын өсүшүн, жарандардын жакшы жашоосун камсыздоо боюнча алдыдагы маселелерди ишке ашырууда абдан маанилүү экенин белгиледи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!