Боюңузду өстүргүңүз келсе...

Боюңузду өстүргүңүз келсе...
28-Март 2017, Шейшемби

25 жашка чейин адамдын бою өсө берерин жакшы билсеңиздер керек. Ал эми андан кийин өсүү мүмкүн болбой калат. Эгерде сиз 25 жашка толгон болсоңүз жана боюңуз кичинекей болуп эмне кылуу керектигин билбей жатсаңыз анда төмөндөгү кеңештерге көңүл бөлүңүз. Сунушталган кеңештерди дыкат колдонуу менен сиздин организмдеги өзгөрүүлөр пайда болуп, боюңузду бир калыпта кармай аласыз.

Труникке көп тартынган адамдын бою тез өсөт деген сөздү көп угабыз. Бирок бойдун өсүшү труникке тартынуу менен гана байланышпайт.

Эгер сергек жашоо образын кармансаңыз, денеңиз менен булчуң эттерге көнүгүүлөрдү жасасаңыз, боюңуз башкаларга салыштырмалуу узун болуп өсөт.

Көнүгүүлөр

Керилип, созулуп жасалуучу көнүгүүлөр бойдун өсүүсүнө көп таасир берет. Ошону менен бирге дененин ийкемдүүлүгүн да жакшыртат. Булчуң этиңиз созулуп, омуртка бел түзөлүп, омуртка ортосундагы дисктер ордуна келет.

Күндөлүк өмүрдө сизге жөнөкөй жана натыйжалуу көнүгүү түрүн жасоого кеңеш беребиз.

Ал төмөндөгүчө: Буттарыңызды ийиниңизге чейин жеткирип, манжаларыңызды полго тийгизиңиз. Буттарыңызды тик кармап, белиңиздеги булчуң эттердин кандай созулуп жатканын сезе аласыз.

Эгер мындай көнүгүүнү күн сайын кайталап жүрсөңүз, денеңиз чоюлуп, боюңуз өсөт.

Секирүү

Бир орунда туруп секирүү да бойдун өсүүсүнө жакшы жардам берет. Эгер күнүнө 200 жолу скакалка менен секирсеңиз, 1-2 айдын ичинде боюңуз бир аз өскөнүн байкай аласыз.

Сүзүү

Денеге өзгөчө таасир тийгизген спорт түрү-бул сүзүү. Эгер сүзүү менен машыга баштасаңыз 1-2 айдын ичинде чымыр денелүү болуп чыга келесиз.

Балаңызды жаш кезинен бассейнге берсеңиз, боюнун бийик болуп өсүүсүнө күбө болосуз. Анткени суунун адам ден соолугуна пайдасы өтө көп.

Баскетбол

Бул спорт түрү ар качан бийиктикке умтулууга мажбурлайт. “Эмнеге баскетболчулардын бою узун болот?” деген суроого ойлонуп көрдүңүз беле? Эгер күндөлүк турмушта баскетбол ийримине барып көнүгүүлөрдү жасап жүрсөңүз бойдун өсүүсүнө пайдасы мол экенине көзүңүз жетет. Мисалы секирүү, колуңуз менен бутуңуздун булчуңдарын созуу, белиңизди тик кармоо сыяктуу көнүгүүлөр гормондук системаны жакшыртып, ички мүчөлөрдү калыпка келтирет. Бул деген боюңуздун тез өсүүсүнө таасирин тийгизет дегенди түшүндүрөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!