Жумшак жаздыкка жатпаңыз

Жумшак жаздыкка жатпаңыз
3-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Адам өмүрүнүн үчтөн бири уйку менен өтөөрү белгилүү. Көңүлү көтөрүңкү, ден-соолугу мыкты болгону, түнкү уйкунун тынч болуусуна байланыштуу. Ал эми уйкунун тынч болуусуна төшөк жабдыктарынын, өзгөчө жаздыктын кошкон үлүшү чоң. Бирок баардыгыбыз жумшак жаздыкты жакшы көрсөк, кээ бирөөбүз мындай жаздыкка уктай албайбыз. Сиздердин назарыңыздарга жаздыктын уйкудагы ролу туурасында сөз кылмакчыбыз.

Жумшак жаздык уйкудан мурун, ден соолукка зыянын тийгизет. Себеби, жумшак жаздыкка жаткан кезде кулак толук жабылып калат, баштын жогорку бөлүгү кыйшайып жатат. Ал катуу жаздыкта моюн менен баш ыңгайлуу болуп жатат. Ошону менен бирге кулак ачык болгондуктан, адам уга алат жана бир нерсени кабылдоодо жакшы мүмкүнчүлүк туулат. Узун же болбосо сүйрү болуп тигилген кадимки жөнөкөй жаздыктар да жакшы уктоого жардам берет.

Мындай жаздыктарга жатканда ийинди жаздык үстүнө койбой, башты желкеден баштап коёт. Ал эми жаздыктын желке турган жагын аз гана кайрып коюп, ошондо гана туура жатып, ден соолукка зыян тийгизбөөгө болот. Уктаганда адамдын жатуу калыбы да ден соолукка чоң таасир берет. Мисалы, чоң кишилерге көмкөрөсүнөн жатууга болбойт. Себеби, мындай жаткан маалда башты оңго же солго буруп жиберсе омуркадагы кан айлануу бузулат. Анын кесепетинен 45 жаштан ашкан адамдарда инсульт пайда болот. Ал эми жаздыксыз же жаздык болсо да туура жатпоодон мээ жакшы дем албай, кан айлануу процесси бузулуп, моюн ооруйт. Бара-бара бул моюн остеохондрозуна айлануусу мүмкүн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!