Пайдалуу киви коктейли

Пайдалуу киви коктейли
31-01-2017

Эгерде өз ден соолугуңузга кам көрсөңүз, туура тамактанып жана ооруганды жактырбасаңыз төмөнкү пайдалуу кошулма сиз үчүн сунушталат. Бул коктейль иммунитетти бекемдеп, күнү бою жагымдуу маанай тартуулайт.

Кивиден сергитүүчү суусундук

Бул даамдуу жана пайдалуу суусундук үчүн керектелүүчү азыктарды ар бир муздаткычтан тапса болот. Ал үчүн эзиле бышкан бир киви, 200 мл кефир, бир чымчым корица керектелет.

Айрандын майлуулугун өз каалооңузга жараша тандасаңыз болот. Кивинин сырткы кабыгынан аарчып, эзип, айран жана корица менен аралаштырып алабыз. Мына ушундай оңой жол менен коктейль да даяр болот.

Бул ичимдиктин дарылык касиети анын курамындагы пайдалуу компоненттерден турат.

Дарылык касиети:

1.Киви

Жемиштин орточо бөлүгүндө болжол менен 75 мг С витамини жана 2,5 грамм клетчаткадан турат. Бул жемиш укмуштуудай жөндөмгө ээ, ал кан тамырлардагы уюган кандардан тазалайт. Үзгүлтүксүз жеп туруу менен атеросклероздун, Паркинсон оорусун, жүрөк дартынан ал тургай рак ооруларын азайтат.

2.Айран

Айран ичеги микрофлораларына оң таасирин тийгизет. Анын курамында кальций, белок жана баалуу витаминдерден турат. Ал иммунитетке таасир берип, чарчоодон арылтып, суусунду кандырат. Пайдалуу айран бөлмө температурасындагы айран болоорун унутпоо зарыл.

3.Корица

Корицанын курамында көптөгөн пайдалуу минералдык заттарга бай. Алар калий, кальций, темир, магний, фосфор, цинк, В группасындагы витаминдер, С, А, РР витаминдерине бай. Бул татымал биринчи кезекте антисептикалык каражат болуп саналат. Ал инсулиндин бөлүп чыгаруусун күчөтөт жана кандагы сахарды азайтууга жардам берет. Мээнин иштөөсүн жана көздүн көрүүсүн жакшыртат.

Бул киви кошулган суусундукту жатаардан мурун бир саат эрте жана суук мезгилде ичүү сунушталат. Ошол замат күч кубат пайда болуп, кышкысын сасык тумоого кабылбайсыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!