Кантип бизнести башташ керек?

Кантип бизнести башташ керек?
3-Июль 2018, Шейшемби, 15:04

Сиз кесипкөй болгуңуз келеби? Кесипти эмнеден, кандай башташ керек деп ойлойсуз?

Сиздин алгачкы миллионуңузду табууга жардам берет деген ишеним менен бизнес идеяны тандоодо эскертүүчү эрежелерди сунуштайбыз.

Өз тажрыйбаңызга таяныңыз!

Бизнес идеяны тандаган маалда сиздин ийкемдүүлүгүңүз маанилүү ролду аткарат. Тактап айтканда, өзүңүз билген, түшүнгөн кесиптин "ашканасы" сизге бөтөн болбойт. Бирок идеяңыз чындыкка жакын болсун. Кесип тандаймын деп китеп менен Интернетти чукулай берүү ар дайым жакшы натыйжа бере бербейт. Ошол себептен өз жөндөмүңүздү байкап, тажрыйбалыгыңызга маани бериңиз.

Статистикалык маалыматка таянсак, кесипкөйлөрдүн көпчүлүгү өз ишин бизнеске айландыргандар.

Тоскоолдуктарды аныктаңыздар

Мыкты кесипкөй тоскоолдуктан качпайт. Тескерисинче аны чечүүнүн жолун караштырат. Кесипке келгенден мурун, өз идеяңызда кандай тоскоолдуктар болушу мүмкүн экенине көз жеткириңиз. Атаандаштардын тажрыйбасынан сабак алуу да ашыкча болбойт. Өзүңүзгө белгилүү бир убакыт коюп майда-чүйдө тоскоолдуктардын чечимин таап, айла амалдарын караштырыңыз. Даярсызбы же кыйынчылык келгенде бирөөгө арта саласызбы?

Жетекчи катары ойлонуңуз!

Тоскоолдук менен күрөшүү деген чыгат, сиз эми бирөөгө кызмат кылбайсыз. Өз кесибиңиз сиздин жүзүңүз сыяктуу. Ошондуктан болушунча тура калыптандырууга тырышуу керек. Бизнес идеяны тандаган кезде жакшылап изденип, ар дайым жаңычылдыкка умтулуңуз. Ишкерлик тууралуу сабактарга барып туруңуз. Балким ал сиздин кесибиңиз үчүн пайдалуу болушу мүмкүн, адамдар менен баарлашуу аркылуу тааныштардын санын артырууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Туура «көчүрүңүз»!

Сиз эми гана кесибиңизди тандап жатсаңыз, чет элдик пайдалуу идеяларды да карап көрсөңүз болот. Өзүңүз жашаган шаар менен Батыштын жана Азиянын базарын караштыруу ашыкча болбойт. Алардын өзгөчөлүтөрүн өз пайдаңызга колдоно билиңиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Конор жеңди! Макгрегор Серронени 40 секундда кулатты
​Конор жеңди! Макгрегор Серронени 40 секундда кулатты
14 шаарга вулкан коркунучу эскертилди
14 шаарга вулкан коркунучу эскертилди
Украинанын премьер-министри отставкага арыз жазды
Украинанын премьер-министри отставкага арыз жазды
19-январь: көпчүлүк аймакта күн ачык болот
19-январь: көпчүлүк аймакта күн ачык болот
Борбор калаадагы башкы балаты эки күндөн кийин алынат
Борбор калаадагы башкы балаты эки күндөн кийин алынат
​UFC президенти: “Конор титулдук таймашка чыгат”
​UFC президенти: “Конор титулдук таймашка чыгат”
 Коммуналдык кызматтын акчасын өзүнө ыйгарып алып турган жаран кармалды
Коммуналдык кызматтын акчасын өзүнө ыйгарып алып турган жаран кармалды
Министр: мугалимдердин айлыгы каникул учурунда кыскартылбайт
Министр: мугалимдердин айлыгы каникул учурунда кыскартылбайт
Бишкектин студенттери 115 жетим балага жардам көрсөтүштү
Бишкектин студенттери 115 жетим балага жардам көрсөтүштү
​Бүгүн “Конор – Серроне” таймашы: Кимиси жеңет?
​Бүгүн “Конор – Серроне” таймашы: Кимиси жеңет?
Кылмыштуу топтун “Казак” аттуу мүчөсү кармалды
Кылмыштуу топтун “Казак” аттуу мүчөсү кармалды
Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
​Кыргызстан курамасынын футболчулары күйөрмандарга  жолугат
​Кыргызстан курамасынын футболчулары күйөрмандарга жолугат
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн