Ийгиликке жетем десеңиз, ишке киришиңиз

Ийгиликке жетем десеңиз, ишке киришиңиз
27-Июль 2018, Жума, 10:19

Өзүңүз жөнүндө жаман ойлорду санаадан кууп чыгарыңыз. Сиз инсансыз. Өзүңүзгө деген ишенимди жоготсоңуз, сизди бул өмургө алып келген өзгөчө бир күчтүн тамырына балта чабасыз. Ушул нерсени ар дайым эсиңизде сактап жүрүңүз.

Ийгиликсиздик деген жок, тажрыйба деген гана түшүнүк бар. Максатка жетер жолдо тоскоолдукка кабылсаңыз, туура жолго буруп, түздөп алар мүмкүндүк деп кабыл алыңыз.

Ишиңизди ар дайым көзөмөлдөп туруңуз. Сиз кимсиз, кайсы жердесиз, дал азыр эмне менен алектенип отурасыз? Бул суроолор бош убакытты өткөрүүдөн арылтат. Кыймыл-аракетти эч качан токтотпоңуз. Бир орундан жылбасаңыз, башкалар көтөрүлгөндө, сиз төмөн жакта каласыз.

Сиз тууралуу өзгөлөр эмне ойлосо да – ал сиздин ишиңиз эмес. Сиз жүргөн жолдо чаңыңызга илеше албагандар өзүңүз тууралуу бир нерсе десе, анын сөзүн кулакка илбеңиз. Алар башкаларды сөз кылып, ашыкча-кемтигин жипке тизүүдөн башка убакыт таппайт. Кыйындык менен күрөшүүдөн корккон, жашоодо жолу болбогондордун келжирегени таптакыр кызык эмес.

Ишке киришиңиз. Колго алган нерсенин иши туурабы, же жокпу – муну дал убактысында эч ким биле бербейт. Күмөн менен үмүттү үзбөй, ойду жүзөгө ашырыңыз. Аракет – ишенимсиздик менен коркунучка каршы турган мыкты курал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Кыйыр салыктардын түшүүсү 2017-жылга салыштырмалуу былтыр жогорулаган
Кыйыр салыктардын түшүүсү 2017-жылга салыштырмалуу былтыр жогорулаган
Трамп: Күрттөргө сокку урулса, Түркияны экономикалык жыгылууга учуратабыз
Трамп: Күрттөргө сокку урулса, Түркияны экономикалык жыгылууга учуратабыз
Өкмөт:
Өкмөт: "Булак суусу майда урандылар жана көмүрдүн чаңы менен агып баштаган"
Таң калтырган куткаруу операциясы ишке ашты (видео)
Таң калтырган куткаруу операциясы ишке ашты (видео)
Жээнбеков жакындарын жоготкон  балдар менен жолугушту
Жээнбеков жакындарын жоготкон балдар менен жолугушту
Идирис Айтбаев ата-энесине ыраазычылык билдирди
Идирис Айтбаев ата-энесине ыраазычылык билдирди
Тармактык комитет  жаңы элчилердин талапкерлигин жактырды
Тармактык комитет жаңы элчилердин талапкерлигин жактырды
​Камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функциясы салык кызматына өттү
​Камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функциясы салык кызматына өттү
Россия Кыргызстанга аскердик техникаларды тапшырды (видео)
Россия Кыргызстанга аскердик техникаларды тапшырды (видео)
“Cadillac” өзүнүн биринчи электромобилин көрсөттү
“Cadillac” өзүнүн биринчи электромобилин көрсөттү
Мирбек Атабеков апасынын кыялын орундатты
Мирбек Атабеков апасынын кыялын орундатты
​Хабиб Нурмагомедов UFCдан кетет
​Хабиб Нурмагомедов UFCдан кетет
WP: Трамп Путин менен сүйлөшкөнүн жашырган
WP: Трамп Путин менен сүйлөшкөнүн жашырган
“Apple” кийимге жараша өзгөрүп турган “хамелеон-кур”  чыгарат
“Apple” кийимге жараша өзгөрүп турган “хамелеон-кур” чыгарат
Кыргыз ырчы жигиттер Тайландга эс алууга кетишти
Кыргыз ырчы жигиттер Тайландга эс алууга кетишти
Жасагыңыз келбеген ишти кантип баштаса болот?
Жасагыңыз келбеген ишти кантип баштаса болот?