Максатка жеткире турган төрт кадам

Максатка жеткире турган төрт кадам
17-Сен. 2018, Дүйшөмбү, 14:37

Батыш маданияты адамдын аракет кылуу жөндөмү менен так тааный билсе, чыгыш маданияты адамдын жан-дүйнөсү менен тыгыз байланыш жасай алаарын далилдеди. Ушул эки маданиятты кайчылаштыруу аркылуу сиз өзгөчө адам боло аласыз. Активдүү жумуш иштеп, бир нерсеге жетүү менен жан-дүйнөнүн тынчтыгын камсыз кылуу мүмкүнбү?

Албетте! Башкысы – максат коё билүү керек. Биринчи жана эң маанилүү кадам – бир нерсеге жетүү деген ниеттин болусу. Жөн гана так максат коюңуз.

Экинчиден, так максатыңызды өзүңүз анык көрүңүз. Ушул аркылуу сиз өз ишенимиңизди арттырасыз.

Үчүнчү кадам – билим менен куралдануу. Өзүңүз когон максатка катыштуу терең билим алыңыз. Билим сизди жаркын келечекке жетелейт.

Төртүнчү кадам – алган билимиңизди көрсөтүү үчүн тажрыйбадан өткөрүңүз. Өз ишинин чебери болгон кесипкөй адис кимге болбосун керек. Ошондуктан жумуш иштөөгө ниети бар, билимдүү адисти кандай гана компания болбосун баш тартпайт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!