“IQ” деген эмне?

“IQ” деген эмне?
24-Сен. 2018, Дүйшөмбү, 09:24

Интеллект коэффициенти – (англис. “IQ” – intelligence quotient) адамдардын тез кабыл алуусу менен акылдуулугуна берилген баа.

Канаданын Уотерлу университетинин изилдөөчүлөрү түрдүү деңгээлдеги жүздөгөн адамдын катышуусу менен тест жүргүзгөн. Окууга болгон жетишкендиги начар студенттерден баштап интеллекти жогору катышуучулар, окумуштуулар менен профессорлорго «акылдуу» цитаталарды айтып, алардын ою боюнча кайсынысы терең маанилүү, кайсынысы жөн гана сөздөр экенин аныктоону тапшырган. Жыйынтыгында кимдин интеллекти төмөн болсо, ал адам «философиялык терең маанилүү» сыяктуу болуп көрүнгөн куру, бош сөздөрдү көбүрөөк тандаган.

Ал эми «акылдуу» сыяктуу көрүнгөн афоризмдердин, чыныгы маанилүү философиялык афоризмдерден айырмачылыгы эмнеде? Алар:

– өзгөчө угулат;

– айтыла турган ой тыянаксыз, так эмес;

– эч кандай чындыкка туура келбейт.

Бул азыркы кезде адамдар ойдон чыгараган, мааниси менен мазмуну, терең ой жок, бирок «акылдуу» болуп көрүнгөн афоризмдердин сыпаты.

Атактуу ойчулдарыбыз менен философтордун, акын, жазуучуларыбыздын афоризмдери менен нарктуу ойлорун албетте, статусубузга койгон туура. Бирок алардын бизге берген акыл-ойлорун статусубузда эмес, жашообузда колдонсок, бир ооз сөздөн пайдалуу ой таба билсек акылыбыз артар беле?

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!