Имиджди кантип калыпташтырса болот?

Имиджди кантип калыпташтырса болот?
3-Окт. 2018, Шаршемби, 09:56

Ар бир адамдын белгилүү бир имиджи болот. Имидж англис тилинен «image» сөзүнөн келип чыккан. Анын мааниси белгилүү бир адамдын образын көрсөтүүчү бейнеси. Тактап айтканда сырткы айлана-чөйрөнүн сиз тууралуу топтогон же жыйнаган оюу. Коомдо активдүү болуу, адамдар менен мамиле түзүү. Алар менен тыгыз байланышта болуу үчүн имиджди калыптандыруу маанилүү. Ал эми аны калыпташтыруу үчүн эмне кылыш керек?

Алгач сырткы имиджди калыпташтырыңыз. Киймиңиз, келбетиңиз, сырткы көрүнүштүн талабына туура келген түрдүү аксессуарларды пайдалануу.

Мимикалык имидж аркылуу каршы тарапта турган адам менен кандай сүйлөшүү керектигин түшүнүңүз. Бул имиджди калыпташтыруу үчүн күндө күзгүнүн алдына туруп алып машыгуу жасаңыз. Көзүңүзгө, түрүңүзгө, колуңузга караңыз. Алар кандай кыймылдайт – баарына маани бериңиз.

Кинетикалык имидж

Бул – сиздин кыймыл-аракетиңиздеги, басып, туруп жана отурган кездеги өзүңүздүн денеңизди алып жүрүүңүз. Мисалы, олдоксон кыймыл-аракет, чалкалап жатып алуу адепсиз көрүнөт. Өзгөчө ийинди бош жана тик кармаңыз. Бүкүрөйүбөй, денени түз кармап басууга аракет кылыңыз.

Бейварбалдуу имидж

Сиз кандай сүйлөйсүз? Бул жерде жалаң гана добуш, ыргак эмес, сөз байлыгыңыз да маанилүү. Кооз сүйлөй билүү, адамдын тилин табуу – чоң өнөр. Ал эми кооз сүйлөп туруп, сөгүнгөн сөздөрдү да колдонсоңуз, андан эч кандай натыйжа чыкпайт. Эсиңизде болсун!

Руханий имидж

Адамдын жашоого деген, коомго деген оюу, көз карашы. Бул жагынан, эң биринчи билим керек. Билим алуу аркылуу бул имиджди калыпташтыра аласыз. Ошондуктан болушунча сабаттуу болуңуз.

Материалдык имидж

Мунун артында акча, унаа жана үй турат. Бул – милдеттүү эмес имидж түрү. Ошенткени менен, бул тепкичке да көтөрүлүүгө болот. Ал үчүн жогоруда аталган имидждерди калыпташтыруу керек. Ошол кезде гана сиздин толук кандуу адамдык имиджиңиз пайда болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
​Футболчу оюн учурунда каза болду
​Футболчу оюн учурунда каза болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
Путин манжасын оорутуп алды
Путин манжасын оорутуп алды