Күзгү стресске жол бербеңиз!

Күзгү стресске жол бербеңиз!
17-Окт. 2018, Шаршемби, 10:11

Жай айы аяктап, күз келди. Аба ырайы өзгөрүп, күн муздап баштады. Айлана сары алтынга айланып, биринчи каар да жаап айлананы акка боёду. Аба ырайы менен табияттагы бул өзгөрүштөр адамдын маанайына да таасир бере баштайт.

Күздү сагынычтын символуна теңегендер да бар. Психологдор ушул мезгил адамдын маанайы менен санаасына чоң таасир берерин айтышат. Себеби күздө адамдар көп стресске түшүшөт экен. Күзгү стресстин бир себеби - жайдары жай мезгили артта калып, күн сууду. Табияттагы ушундай өзгөрүүлөрдүн таасиринен улам, ар ким өзүнүн башындагы түйшөлткөн маселелерди көп ойлоно башташат. Маанай түшүп, жумушка деген көңүлү болбой калат.

Өзгөчө аялдар коому стресске көбүрөк кабылышат. Тынчсызданып боло турган ишке да, болбой турган ишке да убайым сала беришет. Мындайдан алыс болуш керек. Адам психологиялык жактан аба ырайынын өзгөрүшүнө да даяр болушу кажет. Күзгү стресс менен кездешпөөнүн бир ыкмасы ушул. Ал эми психологдордун берген кеңеши кандай?

- Көчөдө жүргөндө да, жумушта да жылуу кийиниңиз;

- Кийим сатып алганда ачык түстөрдү тандаңыз. Жеке шкафыңызды иреттештирип, чаңдаган же болбосо батпай калгандарынан арылыңыз;

- Үй жыйнап, музыка угуңуз;

- План куруңуз, жайкы дем алышты унутуңуз;

- Таттуу кофе, татуу чай ичүү да күзгү стрессти алдын алат;

- Күндүн көзү көрүнбөгөнүнө карабастан, талаага чыгып, бой жазыңыз;

- Күнү бою имарат ичинде жүрсөңүз, жумуш ордунун жарык болушун камсыз кылыңыз;

- Эң башкысы күз мезгилинин кооздугун байқай билиңиз, көрө билиңиз;

- Күндүн алдында көп жүргөнгө тырышыңыз. Анткени күн нурлары адамдын көңүлүн көтөрө турган серотонин гормонунун бөлүнүшүнө жардам берет. Жылдын кайсы мезгили болсо да, маанайдын көтөрүңкү болушу, стресске жол бербейт. Кандайдыр бир маселелер көңүлдү түшүрсө да, маанайыңызды чөгөрбөңүз. Акыры бир жакшылык күтүп турганына ишениңиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Айзуура Иманалиева эң көп берилген суроого жооп берди
Айзуура Иманалиева эң көп берилген суроого жооп берди
Жээнбеков: Коопсуздук кеңештин чечимдери тиешелүү деңгээлде аткарылбай жатат
Жээнбеков: Коопсуздук кеңештин чечимдери тиешелүү деңгээлде аткарылбай жатат
Тилемчилик кылып жүргөн 6 жана 2 жаштагы балдар табылды
Тилемчилик кылып жүргөн 6 жана 2 жаштагы балдар табылды
​Макгрегорго дароо эле эки таймаш сунушталды
​Макгрегорго дароо эле эки таймаш сунушталды
 Кытайдан эт ташып кирүүгө убактылуу чектөө киргизилди
Кытайдан эт ташып кирүүгө убактылуу чектөө киргизилди
Гүлжигит Сатыбеков: Таптым деп бир сүйүнүп алдым
Гүлжигит Сатыбеков: Таптым деп бир сүйүнүп алдым
Елизавета II Брекзит мыйзамына кол койду
Елизавета II Брекзит мыйзамына кол койду
Чачты өстүрүүчү маска
Чачты өстүрүүчү маска
Ийгиликке жетиш үчүн кандай жол тандоо керек?
Ийгиликке жетиш үчүн кандай жол тандоо керек?
​IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына улуттук спорттун 7 түрү кирди
​IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына улуттук спорттун 7 түрү кирди
ТИМ Кытайдагы вирустун жайылышы боюнча билдирүү таратты
ТИМ Кытайдагы вирустун жайылышы боюнча билдирүү таратты
Бишкектеги №5 автобустук каттам өз ишин калыбына келтирди
Бишкектеги №5 автобустук каттам өз ишин калыбына келтирди
Жээнбеков: Коррупцияга каршы күрөштө бир катар жакшы жыйынтыктарына жеттик
Жээнбеков: Коррупцияга каршы күрөштө бир катар жакшы жыйынтыктарына жеттик
ӨКМ: Бүгүн тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлүүдө
ӨКМ: Бүгүн тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлүүдө
​Окумуштуулар ден соолукка эң пайдалуу спорттун түрүн атады
​Окумуштуулар ден соолукка эң пайдалуу спорттун түрүн атады
Президент Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат
Президент Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат