Жаш келин кир байпактарды сатып, миллион тапкан

Жаш келин кир байпактарды сатып, миллион тапкан
3-Ноя. 2018, Ишемби, 10:48

Бул окуядан кийин азыркы күндө акча табуу оңой болуп калдыбы же адамдар акчаны кайда чачарын билбей жатышабы деген ой кетет.

Улуу Британияда 33 жаштагы Рокси Сайкс өзүнүн кийген байпактары менен бут кийимдерин сатып, жакшы киреше табууда. Ал жылына 100 миң фут киреше табат экен. Бул тууралуу "segodnya.ua" сайты маалымдайт.

Бир жолу Роксинин кесиптештери анын буттары сулуу экенин байкашкан. Андан кийин “Instagram” желесинен баракча ачып, бутунун сүрөтүн жүктөп турууга кеңеш беришкен. «Миң катталуучу пайда болгондо мага колдонулган заттарды сатуу тууралуу ой келди. Мен ушундайча акча таба алаарымды түшүндүм»-дейт келинчек. Анын күнү бою кийгн бир байпагы 20 фунтка, эки ай кийген бут кийими 200 фунтка сатылат экен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР