Узак отуруунун зыяны кандай?

Узак отуруунун зыяны кандай?
10-Дек. 2018, Дүйшөмбү, 14:39

Азыркы учурда көпчүлүгүбүз жумушубузду офисте, компьютердин алдында отуруп аткарабыз. Техниканын өнүгүшү да адамдын аз кыймылдап (өзгөчө шаар тургундары), телевизор менен телефонго көп үңүлүүгө мүмкүндүк берет. Ал эми узак отуруунун ден-соолугуңузга өтө зыян экенин билесизби? Отурганда организмибиз кандай өзгөрүштөргө учурайт?

Адам отурары менен булчуң эттердин жумушу жайлап, калорияны жоюунун ылдамдыгы мүнөтүнө 1 килокалорияга чейин төмөндөйт. 3 сааттык отуруудан кийин кан тамырлар кичирейип, кан айлануу начарлайт. 24 саат бою отурсаңыз, инсулиндин глюкозаны кармоо касиети 40 пайызга төмөндөйт. Ошол себептен диабеттин 2-түрүнүн пайда болуу коркунучу пайда болот. 2 жума боюу күн сайын 6 сааттан отурсаңыз, организмдеги холестериндин өлчөмү артып, ашыкча салмак кошуңузга себеп болот. Майды эритүү ферменттеринин жумушу начарлайт.

Адам кыймылдаганда мээни кан менен, кычкылтек менен, маанайга жооптуу гормондор менен камсыз этет. Ал эми узак убакыт кыймылсыз отуруу мээнин жумушун иштөө активдүүлүгүн төмөндөтөт. Узак отуруу ошондой эле, жүрөк-кан тамырлары ооруларынын, простата, көкүрөк бези зыяндуу шишик ооруларын пайда болуу коркунучун арттырат.

Ошондуктан дарыгерлер күн сайын сыналгы алдында жылбай отуруу өз колу менен ден-соолугуңузга зыян келтирүү экендигин айтат. Ал эми офисте жумушта иштегендерге ар бир 1 саат сайын 5-10 мүнөттүк үзүлүш кылып, көнүгүүлөрдү жасап турууга, түшкү үзүлүштө аз дегенде 30 мүнөт таза абада сейилдеңиз. Жумуштан кийин дагы сыналгы алдына жатып алып «дем алууга» эмес, көбүрөк кыймылдоого кеңеш берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
УКМКнын 9-кызматына башчынын милдетин аткаруучу дайындалды
УКМКнын 9-кызматына башчынын милдетин аткаруучу дайындалды
​Хабиб Фергюсон менен таймашта 10 миллион доллар алат
​Хабиб Фергюсон менен таймашта 10 миллион доллар алат
Ырыскелди Осмонкулов 50 жылдык мааракесине арналган концертин өткөрөт
Ырыскелди Осмонкулов 50 жылдык мааракесине арналган концертин өткөрөт
Ноябрь айында Жогорку Кеңештин айлык маянасы кыскарды
Ноябрь айында Жогорку Кеңештин айлык маянасы кыскарды
Кыргызстанда 11 миң чакан ишкана иштеп жатат
Кыргызстанда 11 миң чакан ишкана иштеп жатат
Лионель Мессинин айкели тургузулат
Лионель Мессинин айкели тургузулат
Кыргызстан Өзбекстанга мал жана картошка экспорттой баштады
Кыргызстан Өзбекстанга мал жана картошка экспорттой баштады
Улуттук банк: 2020-жылдын I жарымында инвестициялык абал туруктуу болот
Улуттук банк: 2020-жылдын I жарымында инвестициялык абал туруктуу болот
Кытай Кыргызстанга 215 млн доллар инвестиция салган
Кытай Кыргызстанга 215 млн доллар инвестиция салган
​Руис – Джошуа: Жылдын реваншы бүгүн өткөрүлөт
​Руис – Джошуа: Жылдын реваншы бүгүн өткөрүлөт
Шатемиров Салык кызматынын орун басары болуп дайындалды
Шатемиров Салык кызматынын орун басары болуп дайындалды
Он айда Кыргызстандын чек арасынан 21.3 млн адам өткөн
Он айда Кыргызстандын чек арасынан 21.3 млн адам өткөн
Матраимов: Тергөө менен кызматташып, мага болгон жалаанын бетин ачууга кызыктармын (видео)
Матраимов: Тергөө менен кызматташып, мага болгон жалаанын бетин ачууга кызыктармын (видео)
Азия-2020: Футзал боюнча Кыргызстандын атаандаштары аныкталды
Азия-2020: Футзал боюнча Кыргызстандын атаандаштары аныкталды
1 миллиард долларлык баңгизат колго түшүрүлдү
1 миллиард долларлык баңгизат колго түшүрүлдү
Президент Абдыганы Эркебаев менен  Бахтияр Салиевди кабыл алды
Президент Абдыганы Эркебаев менен Бахтияр Салиевди кабыл алды