Кышында эмне себептен мээбиз жай иштеп калат?

Кышында эмне себептен мээбиз жай иштеп калат?
11-Дек. 2018, Шейшемби, 11:52

Окумуштуулар кышкы убакта эмне үчүн мээнин жай иштеп калуу себебин аныкташты. Жаздын баштапкы жана кышкы мезгилинде, жай жана күз айларына караганда биздин мээбиз алда канча жай иштеп калат экен. Буга байланыштуу адамдардагы кем акылдык (слабоумие) оорусу күчөйт. Бул тууралуу “Торонто” университетинин адистери изилдөөнүн жыйынтыгын чыгарган.

Ал изилдөөгө 70 жаштан ашкан 3500дөй АКШдан, Канададан, Франциядан адамдар катышкан.

Мында гормоналдык факторлордун жана витамин Днын жетишпестиги байкалган. Көрсө, мээнин толук кандуу, жакшы иштөөсү үчүн жаркырап тийип турган күн нуру өтө маанилүү экен. Ал эми, кышкы жогорку аба ырайы- мээнин иштөө функциясына терс таасирин тийгизет.

Анын үстүнө биз жайкы жана күзгү учурда витаминдерге бай мөмө-жемиштерди көп жейбиз. Алар биздин мээнин толук кандуу эс алып, жакшы иштөөсүнө жакшы жардам берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!