Эртең менен көңүлдүү маанайда ойгонуу жолу

Эртең менен көңүлдүү маанайда ойгонуу жолу
24-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Таңкы маалда таттуу уйкуну кыйбай көңүлүбүз түшкөн убакыт болуп тураарыбыз ырас. Жумушка же болбосо сабакка барууга көңүл тартпаган, керек болсо сейилдеп эс алууга баргын келбеген убактар болот. Андай учурларда өз көңүлүңдү өзүң көтөрүүң керек. Ал үчүн эмне кылуу керек?

Таңкы көңүлдү көтөрүүнүн бирден-бир себепкер жандары-балдар. “Балалуу үй-базар” дегендей, эртең мененкисин наристеңизди эркелетсеңиз көңүлүңүз көтөрүлүп, уйкуңуз кандай ачылганын да сезбей каласыз. Өзгөчө жумуш иштеген ата-эне үчүн эртең мененкисин балдары менен ойноо-күнү бою көңүлдүү жүрүүнүн кепилдиги.Ошону менен бирге таңкы тамакты үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары биргеликте отуруп ичүүсү да жакшы маанай тартуулайт.

Эртең менен эрте туруп көнүгүүлөрдү жасаңыз. Бул сиздин күнү боюу сергек жүрүүңүзгө кепилдик болуп берет, таза аба менен дем алып жүгүрүүнүн да пайдасы мол.

Таттуу тамактардан баш тартпаңыз. Эртен мененкисин таттуулар менен чай ичүү да жакшы маанай тартуулайт. Жаныңыз жадырап, көңүлүңүз көтөрүлүп калат. Дасторкондогу таттуу тамактардын жыты төшөктөн турууңузга жардам берет. “таңкы тамак- теңирден” дегендей тоё жегенден качпаңыз.

Сүйүктүү музыкаңызды угуңуз. Эртең менен турганда жаныңызга жакын обонду укканда маанайыңызга таасир берет. күнү бою ошол музыканын ыргагы менен термелип, жаман маанайга жол бербейт.

Жакын адамдарыңызга коңгуроо кылыңыз. Жаныңызга жакын жандар менен сырдашып, телефон аркылуу көңүлүн көтөрүүгө да болот. Башка жанга кубаныч тартууласаңыз, сиздин да көңулүңүз көтөрүлүп калаары сөзсүз.

Үй жаныбарларына көңүл бөлүңүз. Эртең менен үй жаныбарларын тамактандырып, жем берүүнүн өзү да көңүлдү көтөрөт.

10 мүнөт башка бир ишти жасоого аракет кылыңыз. Таң эрте жумушка деген көңүлүңүз болбой турса, анда башка бир нерсе жасоо менен алек болуңуз. Жумуш үстөлүңүздү ирээтеңиз, гүлгө суу куюңуз, таза абадан дем алыңыз, эски альбомуңузду карап чыгыңыз жана башка неселерди жасасаңыз болот. Ал эми сиз кантип көңүлүңүздү көтөрөсүз?

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!