Байлардын баардыгы билимдүү болушканбы?

Байлардын баардыгы билимдүү болушканбы?
25-Янв. 2019, Жума, 12:31

Эл арасында “Табышкер адам болуш үчүн билимдин көп кажети жок, байлардын жана бийликтегилердин баары эле билимдүү болушкан эмес” деген стереотип көз караш калыпташкан. Ушундайча ой-жүгүртүү азыркы убакта канчалык туура?

Мисалы, 2018-жылы “Forbes” рейтинги боюнча аныкталган дүйнөдөгү эң бай үч адамдын билим даражасы төмөн болгон деп айта албайбыз. Бирок алар билим деген сөздүн түп-нускасын башкача түшүнүшөт чыгар.

Өткөн жылы дүйнөдөгү миллиардерлердин көч башында “Amazon” компаниясынын негиздөөчүсү Джефф Безостун билими жок болгон деп айтуу кыйын. Анын окууга, билим алууга болгон аракети жогору болгон. Мектеп жашында физика сабагын сүйүп окуган ал бош убакытын оюн-зоокко эмес, унаа оңдочу жайда куралдар аркылуу техникалык каражаттарды жасап өткөргөн.

Кийин ал Нью-Джерси штатында жайгашкан АКШдагы эң сапаттуу окуу жайлардын бири Принстон университетине өткөн. Башында Джефф физика факультетине эмес, программалоо бөлүмүнө тапшырганына өкүнгөнү менен компьютер менен тез тил табышып кеткен. Андан бери жаш программист илим жолуна түшүп, маалымат ааламына жаңы деп алып келет. Бүгүнкү күнү 112 миллиард долларга жакын байлыгы бар ал каражатынын басымдуу бөлүгүн билим менен илимди өнүктүрүүгө жумшайт.

Ал эми жыйырма жыл бою (1996-2016) дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмегинде биринчи орунда болуп келген Билл Гейтстин техникага жакындыгы бала кезинен башталган. Мисалы, Сиэтлдин “Лейксайд” мектебинде окууган Билл чакан компьютерлерди пайдаланып, он үч жашында эң алгачкы программасын жазып чыккан.

Андан бери ал достору менен бирге “ССС” (Computer Center Corporation) компаниясында иштеп, программалоо тилиндеги катачылыктарды аныктоо аркылуу кошумча киреше таба алды. Ушундайча анын келечектеги жашоосу программалоо менен тыныз байланышып калды. Жаш программисттин жаңы технологияларга болгон кызыгуусу ар дайым жогору болгон. Ал Гарвард уиверситетиндеги окусун эки жылдан кийин таштап кетсе да, илимге, билимге деген куштарлыгы азайган жок.

2018-жылкы рейтинг боюнча ал 91 миллиард доллардын ээси аталып, эң бай адамдардын катарында эеинчи орунда жайгашкан Билл Гейтстин бул сөзү билимдин маанилүүлүгүн айкындайт: “Билим–башкаруунун башкы куралы” .

Дүйнө жүзүндөгү эң бай үчилтикке кирген америкалык кесипкер жана ири инвестор Уоррен Баффеттин да билимге деген көз карашы өзгөчө. Ал жогорку окуу жайда ата-энесинин үмүтүн актоо үчүн гана окуганын айтат. Кантсе да, 11 жашында алгачкы акцияларын сатып алып, 13 жашында киреше декларациясын толтурган баланыг билими жок деп айта албайбыз. Анын сыры эмне? Ишкердин үч баласы тең жогорку билим алган эмес экен. Анын айтуусу боюнча, адам өзүнө керектүү гана нерсени алып, өзүн-өзү өнүктүргөнү оң.

«Эң мыкты билим–өзүңө жумшалган инвестиция» , – деп айтат 90 миллиард долларга барабар байлыгы бар дүйнөлүк кесипкер Уоррен Баффет.

Ооба, ар бир адамдын билиминин булак көзүнө, анын маанисине берген баасы ар турдүү. Дүйнөнүн үч миллиардери да билим алууну ар башка түшүнөт. Алар өздөрү окуган окуу жайларын унутпаганы менен билимге, таанып-билүүгө, илимге өзгөчө маани беришкен. Ошондуктан кирешенин сырын билим менен байланыштырбай, адамдын багына гана балоо катачылык чыгар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
​Футболчу оюн учурунда каза болду
​Футболчу оюн учурунда каза болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
Путин манжасын оорутуп алды
Путин манжасын оорутуп алды