Депрессиядан кутулуунун оңой жолдору

Депрессиядан кутулуунун оңой жолдору
11-Май 2017, Бейшемби

Бул жашоодо далай ар түрдүү жагымсыз жагдайларга учураган сааттар кездешип турат. Ушундай убакыттарда өмүрдөн түңүлүп, түрдүү иш-аракетке барган адамдар да аз эмес. Ошондуктан биз бул маалыматта депрессиядан кутулуунун жөнөкөй жолдорун карап көрсөк:

  • Тарак. Күнү бою монитордун алдында отурасыз, булчуң эттериңиздин баары чарчап, башыңыз оорой баштайт. Мындай кездерде 10-15 мүнөт чачыңызды тараганыңыз жакшы. Себеби чачты тароо аркылуу денеңизге кан тарап, булчуң эттериңиз бошоңдотосуз.
  • Балык, банан же балмуздак жеңиз. Керемет маанайды сактап, кыйынчылыктардан арылууга майлуу балык жардам берет. Анткени, анын курамында нерв системасына өтө пайдалуу омега -3 кычкылы бар. Эгер балык жегенди жакшы көрбөсөңүз, анда банан же болбосо балмуздак жеңиз. Алар да балыктан кем калбай таасир берет.
  • Тазалыкты сактаңыз. Кийимдериңизди орду-ордуна салуу аркылуу өз-өзүңүздү да иреттеп аласыз. Себеби таптаза бөлмө, ирээти менен жыйналган шкаф, текчелер сиздин психологияңызга жакшы таасир берет.
  • Душка түшүңүз. Жагымсыз жагдайлардан кутулуу үчүн 15 мүнөт душка түшүүгө да болот. Башыңыздагы баардык кереги жок ойлорду жылуу суунун кандай жууп салаарын байкабай да каласыз.
  • Алаканыңызды бири-бирине ушалаңыз. Бул да депрессиядан кутулуунун жөнөкөй ыкмаларынын бири. Абдан ысык болгончо болгон күчүңүз менен алаканыңызды ушалаңыз. Ошону менен бирге кулагыңызды да ушалап туруу пайдалуу. Ошондо сиз эсиңизди жыйып, жумушка кайрадан кирише аласыз.
  • Боёктор. Психолог адистер сүрөттөрдү боё көңүлсүз маанайды унутуп таштоого болоорун айтышат. Мындан сырткары депрессиядан кутулуп гана койбостон, бир мыкты туунду материалдарды жаратууга мүмкүн.
  • Бийлеңиз. Милдетти турдө бөлмөңүздү башыңызга көтөруп бийлеңиз. Себеби көңүлүңүз каалаган ырлар менен ыргактуу кыймылдар депрессиядан арылууга жардам берет. Фитнес-клубдардагы машыгууларга караганда бий бийлөө оңой жана пайдалуу.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!