Адам болуудагы баалуу сапаттар

Адам болуудагы баалуу сапаттар
9-Авг. 2019, Жума, 15:23

1.Адамдын башына кыйынчылык келгенде, жардамга кол сунган адам сиздин чыныгы досуңуз.

2.Досуңуз менен мамилени бузбайын десеңиз, ага карыз акча берүүдөн алыс болуңуз.

3.Ар дайым шүгүрчүлүк келтирүүнү унутпаңыз.

4.Жаныңдагы адамдарга мээрим тартуулай жүрүңүз.

5.Мейли бай болсун, мейли кедей болсун баарына бирдей мамиле кылууга умтулуңуз.

6.Алдыга жасаган кадамыңызды, арттагылар менен салыштырбаңыз.

7.Өзүңүздү саат сайын сүйүүнү арнай билиңиз.

8.Жумушта көп иштеп, аз сүйлөңүз.

9.Жашооңузда кадырлаган адамыңызга көңүл буруп, кам көрө жүрүңүз.

10.Эч ким сизге карыз эмес, ошондуктан эч бир адамды ирээнжитип албоого аракет кылыңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!