Депрессияны кантип алдын алса болот?

Депрессияны кантип алдын алса болот?
22-Авг. 2019, Бейшемби, 12:56

Депрессия адамдардагы ички руханий байлыктын жабыркоосу. Ага адамдар кары-жашка карабай кабылат.

Адистер депрессиянын алдын албагандар ар кандай ооруга чалдыгышы мүмкүн экендигин эскертип келет. Анын алдын алуучу кеңештер менен бөлүшөбүз:

1.Жакын адамдарыңыз жана үй-бүлөңүз менен көп убакыт өткөрүңүз. Убактым жок дебестен, ардайым алар менен баарлашып, алардын көңүлүн алуу абдан пайдалуу.

2.Ар дайым башкаларга болгон сезимиңизди убагында билдиргенге аракет кылыңыз

3.Депрессия кабылган учурда адамдын бир иш атакаргысы келбей калат жана дайыма уйкуга тарта берет. Ошол эле учурда бир иш жасаганда, андан адам рахат албай калат. Мындай белгилерди өзүңүздөн байкасаңыз, үйдө отуруп аны күчөтүп жибергендин ордуна, коомго аралашып көңүлүңүздү көтөрүңүз.

4.Өткөн нерсеге таянбаңыз. Ага таянып олтурсаңыз, өзүңүзгө эле зыян алып келген болосуз.

5.Өзүңүздү толук нормалдуу сезиш үчүн, албетте бир топ убакыт талап кылынат

6.Таза абага чыгып сейилдөөнү жана жөө басууну адатка айлантып, табият менен тыгыз мамиледе болуңуз.

7.Үйдө олтурсаңыз, үй ичиндеги жумуштардын санын көбөйтүңүз

8.Кеч уктап, кеч туруу дагы депрессияны күчөтүүчү факторлор болуп саналат. Ошондуктан убагында жатып, убагында турганды адатка айлантыңыз.

9.Туура дем алууга багыт алып, ички жан дүйнөңүздү байытыңыз.

10.Ар дайым жакшы нерселерди гана ойлонуңуз!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР