Эмне себептен чарчаңкы абалда болобуз?

Эмне себептен чарчаңкы абалда болобуз?
24-Май 2017, Шаршемби

Бизди ар дайым чарчатуучу нерселер төмөнкүлөр эсептелет:


1.Диета таасир этиши мүмкүн: кандай гана диета болбосун денеге азык агымын чектеп коёрун унутпоо зарыл. Мисалы, бугүн өтө татаал кундөрдүн бири мээбиз жаңы идеяларды иштеп чыгуу үчүн магнийге муктаж ал эми сиз бир күн боюу суу гана ичүүнү чечтиңиз. Мунун натыйжасы кандай болот? Сиз тез чарчап, ишти натыйжалуу аткара албай жана көңүлүңүз күнү бою жок болот.

Сунуш: эксперимент үчүн бир жума боюу жумуштан кийин кечинде тең салмактуу тамактанганга аракет кылып көрүңүз. Бул менен сиз экинчи дем ачылгандыгын сезе аласыз. Сезондук жашылча-жемиштерин жегиле, ошондой эле өзүңүздүн организмиңизди уга билиңиз. Ал көп учурда жетишпей жаткан витаминдерди айтып турат.

2. Ички сезимдердеги көйгөйлөр. Адистер күндүн башталышы биздин денеге жана психикалык жагдайыбызга таасир берерин айтышат. Бул учур күнү бою маанайыбызга жумушчу кунүбүздүн ийгиликтүү болушуна балдарга баш-көз болууда жана башка милдеттерди аткаруу үчүн да таасир берет. Эгер биз ушул убакта көңүлсүз болгон болсок кунүбуздүн ийигиликтүү өтүүсү күмөн жаратат.

Депрессия убагында адатта, булчуңдар ооруп, чарчап жана кайгы менен коштолот. Албетте, мындай учурда абдан оор учурлар таң заарга туш келет.

3.Гормоналдык көйгөйлөр: Гипотиреоз - калкан бездеринин жетишсиздигинен улам организмдин иштөөсүнүн бузулушу. Гормондордун жетишсиздиги зат айланууну жайлатып жана иштеп чыгаруусун кыскартат.Биз өзүбүздү алсыз сезип, айрыкча эртең мененки убактарда эреже катары чарчап, шалдырап турабыз.

4. Алсыз иммунитет, өнөкөт оорулар

Сиз бир айдан ашуун температура болсоңуз, тери кубарса, кичине чымыркануудан алсыздык пайда болсо... Акыркы алты айдын ичинде сиз операция болуп, антибиотиктер же башка "шок" дары-дармектер менен дарылангансызбы?

Бул гормоналдык оорулардын, жугуштуу жана шишик ооруларынын кесепетинен улам иммунитеттин төмөндөшүнө алып келет.

5.Кан тамырлардагы көйгөйлөр

Чарчоо физикалык жүктөр менен байланышта болот: аба ырайынын өзгөрүшү, башыңыз бат-баттан айланса, туруксуз кан кысымы, жүрөктүн согуулары, дененин тердеши, аба жетишпегендей сезим болсо? Балким бул белгилер тамырдагы чыгышына байланыштуу болушу ыктымал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!