Энергияны каштандан алыңыз!

Энергияны каштандан алыңыз!
25-Окт. 2019, Жума, 15:07

Каштан аллеясында сейилдөө сизди сергитип, энергия менен камсыз кылат. Ал эми каштан дарагынын түбүндө олтуруп, китеп окуп же музыка уккан андан дагы сонун.

Эки-үч даана каштанды чөнтөгүңүзгө салып алып жүрсөңүз-ревматизм оорусунан арылууга жардам берет.

Аны менен катар каштандан үй жасап убакыт өткөрсөңүз-жүрөк ооруга жана зоб оорусуна даба.

Эгерде сизге дем жетпей жатса: жарым чай кашык майдаланган каштанга эки стакан кайнак суу куюп, сегиз саатка коюп коёсуз. Кийин аны беш мүнөт кайнатып, күнүнө 3-4 чай кашык ичип койгон пайдалуу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!