Чөптөрдүн дарылык касиети

Чөптөрдүн дарылык касиети
29-Май 2017, Дүйшөмбү

Температура, тамак, мурун, жөтөл, алсыздык...Антибиотиктер, иммуностимуляторлор, антигистаминдер… Тааныш жагдайбы?

Бул оору белгилери элибиздин бир катар тургундарын күз, кыш жана жаз мезгилдеринде көйгөй алып келет. Ал тургай, аталган оору белгилери азыркы күндө жергиликтүү тургундардын арасында жайылып жатат. Дарыгерлер дартты “салттуу” жолдор, ошондой эле дары-дарымек жана башка ыкмалар менен дарылап келишүүдө. Мындан сырткары бүгүнкү күндө биз сиздерге элдик медицина аркылуу кантип дарыланууга боло тургандыгы тууралуу кеп козгойбуз.

Чөп менен дарылануу- ар түрдүү оорулар менен күрөшүүдө таптыргыс эмдөөчү жана толук укуктуу тыюу салынбаган ыкмалардын бири. Ар бир чөптөр адам организмине оң таасир берет. Бирок алардын натыйжалуулугу жана узактыгы менен байланыштуу болот. Эгер сиз чөп тунмаларын ичип журсөңүз анда аны эң аз дегенде жума сайын үзбөй ичүү керек. Бирок, дары чөптөрдү кабылдоону атайы адис даярдаса андан да жакшы.

Тундурма деген эмне? Бир китепте ал «чөп-чардын накта же суу, спирт, коньяк, арак кошулуп даярдалган экстракты» катары аныкталат. Ал эми компресс болсо, ар кандай жол менен даярдалып, адатта, жабыркаган же ооруган жерге тартылат.

Витаминдер менен дарылардын бир тобунан айырмаланып, чөп-чарлардын көбү азык катары каралгандыктан, ачкарын деле пайдаланыла берет. Чөптөрдү капсула түрүндө да ичүүгө болот: ал ыңгайлуу да, жагымдуу да. Эгерде силер чөп менен дарыланууну чечсеңер, аны жакшы билген адистин көзөмөлү менен жүргүзүү туура.

Дегинкиси, дары чөптөр адам сасык тумоологондо, тамак сиңирүү кыйындаганда, уйку качканда, ич катып калганда, көңүл айныганда да колдонулат. Кээде олуттуу ооруларды дарылаш үчүн же алардын алдын алуу үчүн пайдаланылат.

Башка дарылар сыяктуу эле, дары өсүмдүктөрдү жөн-жайын билип алып, этияттык жана тең салмактуулук менен колдонуу керек. Ошол эле учурда, айрым ооруларды азыр айыктыруу мүмкүн эмесин унутпагыла.

Дары чөптөрдү өз алдынча колдонуудан мурда дарыгерден кеңеш алуу кажет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!