“HypeBae” порталы жалгыз саякаттоого кызыктуу болгон өлкөлөрдү атады. Биринчи орунда “Хорватия” өлкөсү турса, экинчи орунда “Перу”, үчүнчү орунда “Мальта” турат.

Жалгыз саякаттоо аркылуу сиз өзүңүздү дагы да болсо жакшы таанып, ал өлкөнүн маданияты жана улуттук тамак-ашы менен жакындан тааныша аласыз.

Хорватия өлкөсү өзүнүн кооз эс алуучу пляждары жана эски имараттары менен таанымал.

Ошол эле учурда адистер Перу өлкөсүн сөзсүз көрүүгө чакырат.

Ал эми Мальта Италияга жакын жайгашкан эски арал болуп саналат. Ал анчалык деле чоң эмес, болгону унааны ижарага алып, саякаттаганга сонун мүмкүнчүлүк.

Кийинки орундарды: Бали, Швейцария, Италия, Түштүк Корея, Испания, Исландия жана Гонконг өлкөлөрү багындырды.