Жашоодо адамдар башынан түрдүү сыноону өткөрөт. Дал ошол сыноону ар ким ар кандай көтөргөн учурлар болот.

Кайсы бир нерсени олуттуу маселе катары кабыл албаңыз

Психологдордун айтымында: адамдардагы эмоциялар нейтралдуу болуп саналат экен. Эгерде сиз кайсы бир маселени көйгөй катары кабыл алсаңыз, анда ал андан ары да татаалдашып кетиши мүмкүн. Ал эми аны поизитивдүү маанайда кабыл алсаңыз, кайсы бир тарабынан шанстуу болушуңуз мүмкүн.

Өзгөрүүнү өзүңүздөн баштаңыз

Сиздин бардык кыймыл-аракетиңиз ички жан дүйнөңүздү чагылдырат. Ошондуктан башкаларды эмес, өзүңүздү өзгөртүүдөн баштаңыз

Бир гана мүмкүнчүлүктөр бар

Ар жыгылган сайын, туруп, андан ары да жаңы ачылыштар күтүп жатканын унутпаңыз. Ар бир нерсенин жакшы жагын көрүүгө умтулуңуз

Азыркы учурду баалаңыз

Башыңыздан өтүп жаткан азыркы учурду баалаңыз. Бакыт качан келет деп күтүп отуруунун кажети жок.