Йога менен машыгуу күнүмдүк отуз мүнөт чуркаган менен барабар. Ал эле эмес, организмди, дене мүчөнү бир калыпта кармаганга жардам берет.

Йоганын пайдасы

Ашыкча салмактан арылтат

Йога менен акырындан машыгып олтуруп, жетиштүү ашыкча салмактан арылса болот

Булчуңдар чыңалат

Денени керип чоюу, булчуңдардын чыңалуусун камсыздайт.

Ийкемдүү болосуз

Йога менен машыкканда организмде ашыкча шлактар бөлүнүп чыгып, кан айлануу жакшырат жана денеңиз абдан ийкемдүү болот

Стресстен арыласыз

Адатта адам баласы стресске кабылганда табити жоголот же табити ачылып, тамак көп жеп калат эмесби. Мына ушул нерсени баланстоого йога жардам берет

Йога баштагандарга маанилүү кеңеш

Эң идеалдуу убакыт бул таң эртең мененки убакыт болуп саналат. Ал эми тамактанган соң, 3-4 сааттан кийин гана йога менен машыгуу керек.

Кийген кийимиңиз тердетпеген, денеге ыңгайлуу болуш кажет.