Жумуртканын дагы бир пайдасы аныкталды

Жумуртканын дагы бир пайдасы аныкталды
8-Июнь 2017, Бейшемби

Америкалык дарыгерлер жумуртканын мурун-кийин белгисиз болуп келген пайдалуу өзгөчөлүгү туурасында маалымат таратышты. Изилдөөдө белгилүү болгондой жумуртка жаш балдардын өсүп жетилүүсүнө өз таасирин тийгизет экен.

Ак халатчандар жүргүзгөн изилдөө “Рediatrics” журналында жарыяланган. Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө таянсак, жумуртка жеген адамдардын организминин өсүүсүнө бул азыкты жебегендерге салыштырмалуу орточо эсеп менен 1,47 эсеге жакшы таасир берет экен.

Изилдөөгө алты айдан баштап тогуз айга чейинки наристелер катышкан. Алар алты ай бою күнүнө бир жумурткадан жеп отурушкан. Ошону менен бирге бул наристелер таттуу суусундуктар берилген эмес. Изилдөө натыйжасында таттуу суусундуктарды көп, ал эми жумуртканы аз жеген топтун натыйжалары менен салыштырышкан. Дарыгерлер жумуртканын өсүп келе жаткан балдарга үчүн арзан жана пайдалуу азык экенин белгилеп кетишти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!