Көптөгөн кыздардын көйгөйлүү маселелеринин бири ичтеги майлардан арылуу болуп саналат. Ал үчүн алар не гана кылбайт? Мисалга, диета кармап жана башка түрдүү ыкмаларды колдонуп көрөт.

А бирок карындагы ашыкча майлардан арылуу үчүн сөзсүз түрдө ичке атайын көнүгүүлөрдү дагы жасоо керек. Мына ошондо гана ичтеги булчуңдар чыңалып, өзүңүз каалаган жыйынтыкка жете аласыз.

Ал арада адистер ичтеги ашыкча майлар бир гана сиздин сырткы келбетиңизге терс таасир этпестен, организмде ар кандай ооруларды пайда кылышы мүмкүн.

Албетте, машыгуудан сырткары, туура тамактануу режимин сактоо керек.

Велосипед


Өзү айтып тургандан Велосипед тепкен сыяктуу көнүгүү жасайсыз

Оңго жана солго бурулуу

Жерге олтуруп бутуңузду жогору көтөрүп, тизеңизди бираз бүгүп, денеңизди бошш койюп, колуңузду оңго жана солго кыймылдатып көнүгүү жасайсыз.

Диванда отуруп көнүгүү жасоо

Диванда отуруп эле тизеңизди ичти карай өйдө-ылдый көтөрүп көнүгүү жасайсыз

Каптал тарапка жасоо

Чыканакты башыңызга коюп, тизе тарапка ийилип жасоо

Көпөлөк көнүгүү

Бул көнүгүүнү туура жасасаңыз ичтеги ашыкча майлардан оңой эле арылууга болот

Планка

Аталган көнүгүү бардык дене мүчөңүзгө сонун жардам берет.