"Сникерс" тууралуу кызыктуу маалыматтар

28-Июнь 2017, Шаршемби

Кара коюу какао аралашкан шоколадды ким жаман көрсүн. Баарынын жегиси келет эмеспи. Себеби, таттууну баарыз эле жакшы көрүп жейт эмеспизби. Ошентсе да шоколаддардын арасынан «Сникерске» деген суроо-талап көп. Ал тууралуу төмөндөгү маалыматтарды билесизби?

«Марс» шоколад өндүрүү фабрикасынын директору Фрэнк Марс бир топ убакыт өткөн соң жаңы шоколад ойлоп тапкысы келет. Ал бул азыкты ойлонбостон жасап, сатыкка чыгарган. Бир кызыгы ал жаңы шоколаддын атын «Сникерс» деп коёт. Бул аталыш анын эң сүйүктүү жылкысынын атынан коюлган. Ал эң өкүнүчтүүсү анын сүйүктү жылкысы шоколад фабрикада эми гана жасалып жаткан кезеде өлүп калган.

«Сникерс» шоколадынын курамында эч кандай өзгөрүш болгон эмес. Анын негизги курамы ошол 1930-жылдан бери жасалып келе жаткан негизги курамы менен калган. Азыр аталган шоколад жаштар арасында сүйүктүү жана суроо-талапка ээ таттуулардын бири болуп саналат. Дүйнөдө ар бир секунд сайын 400 даана "Сникерс" желет экен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!