Аялдар үчүн эң кооптуу суусундук

Аялдар үчүн эң кооптуу суусундук
6-Июль 2017, Бейшемби

Жакында эле бир топ окумуштуулар аялдын ден соолугу үчүн эң кооптуу суусундук сыра экенинин аныкташты.


Ооба, сыра эркектер үчүн да аялдар үчүн да зыяндуу. Бирок, алкогольдуу суусундук эң көп таасири назик жандар коомуна тийет

Сыраны көп ичкен аялдардын сулуулугун гана бузуп койбой, гормоналдык абалдын өзгөрүүсүнө алып келет.

Сыранын курамындагы фитоэстроген кыз баланынын ден соолугуну үчүн зыяндуу болуп саналат экен. Аталган зат организмге түшөрү менен гормондор тең салмактуулугун жоготуп, тукумсуздукка алып келет. Фитоэстроген нерв системасын бузулушуна да жол ачат. Аял тез ачууланып, стресске батып, урушчаак болуп кетет.

Ал эми көбүктүү суусундук ашыкча салмак кошоору бугүнкү күндө эч кимге деле жаңылык эмес.

Сыранын бир бөтөлкөсундө 200-250 ккал. Болот. Бул деген толук кандуу түшкү аштын жарымына барабар дегенди билдирет. Ошондой эленегизги компоненттери (спирт, хмель) табитти күчөтөт. Натыйжасында, канчалыкты көп тамак жеп жаткандыгыңызга эсеп бере албай каласыздар.

Ошондуктан тамактануу тартибиңизге жоопкерчилик менен карап, организмге пайдалуу, сизди сулуу, дени сак кылуучу суусундуктарды тандай билиңиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!