Кофе өмүрдү узартат

Кофе өмүрдү узартат
13-Июль 2017, Бейшемби

Америкалык окумуштуулар күнүмдүк турмушта адамдын өмүрүн узартуучу суусундук бул кофе экенин далилдеп чыгышты. Бул тууралуу “газета.ру” сайты “Annals of Internal Medicine” журналына шилтеме берип кабарлады.

АКШнын Түштүк Калифорния университетинин окумуштуулары изилдөө жүргүзүшүп, анын натыйжасын журналга жарыялаган.

Изилдөөчүлөр түрдүү улуттун өкүлдөрүнөн турган 45 жаштан 75 жашка чейинки 190 миң ыктыярчыны байкоого алышкан. Аларды кофени колдонуу өлчөмүнө карай бир нече топко бөлгөн.

Орточо изилдөө убактысы 16 жылды камтыган. Изилдөө жургүзүлгөн аралыкта 60 миң адам, тагыраагы алардын ичинен 36 пайыз жүрөк-кан тамыр ооруларынан, 31 пайызы зыяндуу шишиктен көз жумушкан.

Изилдөөнүн натыйжасында (жынысы, жашы, тамеки тартуу, спирт ичимдиктерин ичүү жана физикалык абалдын деңгээли) күнүнө 1 жолу кофе ичүү өлүмдүн бардык себептерин 12 пайызга чейин төмөндөтсө, 3 ирээт кофе ичүү коркунучту 18 пайызга азайтарын далилдеген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!