Адамдын организми 24 саат бою...

Адамдын организми 24 саат бою...
17-Июль 2017, Дүйшөмбү

Түнкү саат бирде: Өзгөчө ушул убакта адам таттуу уйкуда уктап жатса да, организми ар кандай ооруларга сезимтал болот. Болор-болбос дабышка да ойгонушу мүмкүн.

Түнкү экиде: Боордон башка дененин бөлүктөрү пассивдүү абалда болушат. Боор болсо, так ушул маалда организмдеги ууларды өлтүрөт. Эгерде ушул учурда сизден уйку качып жаткан болсо, эч убакта кофе же чай ичпеңиз. Андан көрө бир стакан сүт ичсеңиз магдырап, уйкуңуз бат келет.

Түнкү үчтө: Дене толугу менен жай иштеп баштайт. Бул учурда адамдын канынын басымы эң төмөнкү этапта болот. Дем алуу менен кан-тамырлар аябай эле жай иштейт.

Түнкү төрттө: Кулактын угуусу жакшы иштеп, кичинекей дабыш угулса да, адам уйкудан дароо ойгонот. Мээнин кан тамырлары "эс алууда" болот. Статистика боюнча, оорулуулардын көбү дал ушул сааттарда көз жумушат экен.

Таңкы беште: Бөйрөктөр бир калыпта иштеп, ушул маалда тургандар бир күн бою сергек жүрө алышат. Адамдардын көпчүлүгү таңкы беште такыр түш көрүшпөйт.

Таңкы алтыда: Кан басым көтөрүлүп, жүрөктүн кагышы ылдамдайт. Эгерде адам өзү уктагысы келип жатса да анын денеси ойгонуп алат.

Жетиде: Организм вирустар менен бактериялардан тазаланат.

Cегизде: Дене эс алып, боор ар кандай уулуу заттардан бошоп калат. Бул учурда спирт ичимдигин колдонгондо башка мезгилдерге салыштырмалуу боорго өтө чоң зыян алып келет.

Тогузда: Адам психикалык жактан активдүү болуп, ооруну көп сезбей калат. Жүрөк ушул мүнөттөрдө жакшы иштейт.

Ондо: Адам саат ондон баштап түшкө чейин кандай оор жумуш болсо да аткара алат. Себеби, организм кучтөнүп баштайт. Достор менен жөнү жок ушакташып, же уктап убакытты текке кетирүү туура эмес. Анткени, организм мындан башка убактарда мынчалык күчтүү боло албайт.

Он бирде: Жүрөктүн согушу жайлап, бир калыпка түшө баштайт. Оор жумушту аткарууда баарынан да булчуңдарга, мээге көп күч келет.

Он экиде: Курсакты катуу тойгузуп алган болбойт. Себеби, бул маалда бардык организм кыймылда болуп, ашказанга катуу күч келет.

Бирде: Боор "эс алууга чыгып", кандын айланышы күчөйт. Канчалык аракет кылсаңыз да организм эс алууну каалап, сиздин эркиңизди жеңет.

Экиде: Бул убакта адамдын организми толугу менен эс алып, сизге такыр моюн бербейт. Жүрөктүн кагышы башка сааттарга караганда жайлайт.

Үчтө: Болгон органдар ойгонуп, тамакка болгон табит пайда болот. Гурмандар ушул саатта тамактанууну башташат экен. Себеби, кандай тамак жебеңиз, ашказан жакшы сиңирип, семирүүгө алып келбейт.

Төрттө: Кандагы канттын деңгээли көбөйөт. Бул саатта таттуу азыктарды жебей эле койгонуңуз оң. Ансыз да канттын курамы көбөйүп турганда, таттуу азык жесеңиз, кант диабетине чалдыгышыңыз мүмкүн.

Беште: Энергияңыз ашып-ташпаса да организм кара жумушка жарактуу. Ошондуктан, спортчулардын да саат бештен алтыга чейин машыккандары туура.

Алтыда: Эч кандай жумуш жасабай эле организм кыймылда болууну каалайт. Психикалык активдүүлүк ушул мүнөттөрдөн баштап пассивдүү боло баштайт.

Кечки жетиде: Кандын басымы көтөрүлүп, адамдын психологиясы туруктуу абалда болгону менен нерви иштеп, сөзгө көтөрүмү жок болот. Мындай учурда болор-болбос жерден уруш чыгарышы мүмкүн. Баш оорулары барлар үчүн кыйын убакыт.

Кечки сегизде: Сегиздерде бардык нерсе кыймылда болот. Өзгөчө айдоочулар үчүн эң сонун мезгил. Адамдын организми ылдамдыкды эңсеп калат.

Кечки тогузда: Адамдын психикалык абалы жайына келет. Ушул учур студенттерге же актерлорго текст жаттаганга ылайык. Күндүз жасап жетишпей калган иштерди бүтүрүүгө мүкүнчүлүк түзүлөт.

Кечки ондо: Дененин температурасы ылдыйлайт да, жүрөктүн кагышы жайлап организм тынчтыкты каалап калат.

Түнкү он бирде: Дене эс алууга камданып, кыймылды сүйбөйт. Мээ маалыматты начар кабыл алгандыктан китеп же гезит окуган сунушталбайт.

Түнкү он экиде: Күндүн акыркы саатында түш көрүүгө ылайыктуу мезгил. Бир гана дене эмес адамдын мээси да бир күндүк жыйынтыктыкты чыгарып, өзүнө эмнелер керек болсо ылгап алат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!