Балмуздак тууралуу эмне билебиз?

Балмуздак тууралуу эмне билебиз?
24-Июль 2017, Дүйшөмбү

Балалык чакта балмуздакты жакшы көрбөгөн адам жок чыгаар. Баарыбыз балмуздакты күнүнө аптаптуу ысык аба ырайында да, салкын мезгилдерде да керек болсо күнүмдүк азыкка айландырып жеп келебиз.

Жалпысынан балмуздактын курамынын майлуулугу 10 пайызы сүт, кургатылган сүт (9-12%) аны менен биргеликте протеин, лактоза, кант (12-16%), боёк кошулмалары (0,2-0,5%) жана суудан (55-64%) турат.

Бир гана кутудагы балмуздактан 270тен 375ке чейин каллорияны кездештирүүгө болот. Азыркы күндө шоколад, жаңгак, жашылча-жемиш, варенье, карамель, таттуу токоч, банан ширеси сыяктуу татымалдар кошулган турлүү балмуздактар бар.

Балмуздак сүт, каймак, пломбир жана жашылча-жемиш болуп бөлүнөт. Анын ичинде майлуулугу өтө төмөн көрсөткүчтөгү сүттүү, ал эми жемиштер аралашкан балмуздактан майды кездештирүүгө мүмкүн эмес.

Балдай таттуу даамы менен шилекейди агызган бул таттуунун кээде адам организмине пайдасы да бар. Анын сыры таттуунун курамындагы инулинде.

Инулин — майлуулугу басымдуу болгон балмуздактын ордун баскан кошулма. Мунун бирден бир пайдасы организмдеги майлуулукту азайтат. Ошону менен бирге курамында лактоза, калций, магний сыяктуу турдүү витаминдер менен бирге ацидофильди кошулмалары бар. Бул заттар менен байытылган балмуздактын пайдасы ашказан, ичеги жолдорунун иштөөсүн жакшыртып, микрофлоранын жакшырышына жардам берет. Мындан сырткары, жүрөк-кан тамырлардын жумушуна, көз-териге да пайдалуу.

Демек, таттууну балдардан баштап карыяларга чейин жеп тургандын зыяны жок. Ден соолуккка да пайдалуу. Бирок өтө көп жегенге болбоорун эстен чыгарбаңыз.

Балмуздакты жакшы көрүүңүздүн дагы бир себеби – серотин. Бул кошулма адам организмин сергек сездирип, жагымдуу маанай тартуулайт. Өзгөчө маанайы түшкөн, жан дүйнөсү жабыркап жургөн адамдарга пайдалуу дешет адистер.

Балалыктын бал даамын эске түшургөн балмуздакка деген кызыгуубуз артып, жеген сайын жегинди келтирип туурусунун сыры ушунда экен.

Балмуздак даярдоо ыкмасы

Күндүн ысыгында балмуздак жегенди ким жаман көрсүн? Ошол балмуздакты үй шартында да жасоого болот. Ал үчүн:

Марож — 1 литр сүт — 2 чыны шекер — 100 гр сары май — 1 чай кашык крахмал— 5 жумыртқа сарысы керектелет

Даярдоо:

Сүткө сары майды салып отка коёбуз. Кайнатуу кажет.

Башка идишке шекер, крахмал, жумуртканын сарысын салып, миксер менен аралаштырабыз. Аралашкандан кийин ага сүт кошобуз. Анын суюктугу каймак сыяктуу болуш керек.

Аны кайнаган сүтүбүзгө аз-аздан салып, дайым аралаштырып турабыз. Кайнагандан кийин оттон алып, идишибизди муздак сууга салып сууганча коюбуз. Суугандан кийин идишке салып муздаткычка коёбуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!